Азимжан Аскаровдун каршылаштары резолюция кабыл алды

Жазылуу
Бир саатка созулган митинг резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Базар-Коргон айылында улуттар аралык араздашууну козутканы үчүн соттолгон Азимжан Аскаровдун каршылаштарынын митинги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад ОИИБ билдирди.

Нааразычылык акциясына чыккан 100дөн ашуун киши Аскаровду жазага тартуу боюнча чечимге кайтып келүү керек деген резолюция кабыл алды. 

Азимжан Аскаровдун соту кызыл-кыргын, сары сүргүн менен өттү - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаровдун соту ызы-чуу менен коштолду
Буга чейин Жогорку сот Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти Чүй облустук соттун кароосуна жиберген. Сот жаңыдан ачыкка чыккан жагдайлардан улам ишти кайра кароону чечкен. Буга чейин Аскаровдун адвокаттары анын кыйноого кабылганын айтып, БУУнун адам укугу боюнча комитетинин чечимине таянуу менен Аскаровду түрмөдөн бошотууну талап кылышкан.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0