20 жашында Нарын облусунун Кайыңды-Булак айылына келин болуп келген Галина Мальцева

Сүйүүдөн улам 45 жыл мурун Архангельскиден Ак-Талаага келин болуп келген Галя эже

3125
(жаңыланган 17:00 26.07.2016)
Сүйүү жашка, айрым учурда жерге, улутка да карабайт. Алардын бири Галина жана Нуралы Жээнбаевдер. Жубайлар Россиянын Архангельск жергесинен таанышып, Кыргызстанга келип баш кошушкан. 45 жылдан бери чогуу түтүн булатып беш баланы тарбиялап, учурда он неберенин чоң апа, чоң атасы.

20 жашында Нарын облусунун Кайыңды-Булак айылына келин болуп келип, кыргыз ырын ырдап, чайын сунуп, каада-салтын катыра өздөштүргөн Галина Мальцева менен журналист Гүлдана Талантбекова жеринен таанышып, баарлашты.

— Галина эже, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, Россиянын кайсыл жеринде чоңойдуңуз эле?

— Мен Россиянын Архангельск облусунда 1951-жылы карапайым дыйкандардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам Сергей менен апам Наталья үч кыз, бир уулду тарбиялады. Ошол жерден мектепти бүтүп, соода техникумунда окудум. Окуу жайды бүткөндөн кийин иштеп, бой жетип киного, бийге барып жүргөн учурда болочоктогу жолдошум Нуралыны кезиктиргем.

— Кантип таанышып калдыңыздар?

— Нуралынын армияда жүргөн кези экен. Ал жакта дем алыш күндөрү аскерлерге эс алуу берилчү. Ошондой күндөрдүн биринде курбуларым менен дискотекага барсак аскерлер да келишиптир. Музыка башталгыча чет жакта турсам курбу кызым "тиги аскер бала сенден көзүн албай эбактан бери тиктеп жатат, азыр айтты-айтпады дебе бийге чакырат" десе, мен "Эк, койчу ошолорду" дедим. Анткени аскерлерди жаман көрчүмүн, казармада эле жата беришпейби деп. Билмексен болуп артты карап турсам "жүрүңүз, бийлеп келели" деп Нурик орусча чала-бучук сүйлөдү. Анан көп кишинин арасынан да жок дей албай макул болдум. Музыка бүткөндөн кийин ордума узатып койду. Мени таппай калсын деп башка жакта турсам, ошол жакка чейин таап келди. Анан узатам деп үйгө чейин барды, сүйлөшүп кенен тааныштык. Менин үйүм менен аскер бөлүгү жакын экен. "Кошуна экенбиз ырас болбодубу" деп Нуралы сүйүндү. Эртеси дагы жолугуп бир сааттай отурдук. Ошентип бири-бирибизди жактырып калып, алты ай кыз-жигит болуп жүрдүк. Апам аябай боорукер эле "Галина, жигитиңдин ата-энеси, туугандары алыста болсо, казармада жакшы тамак бар дейсиңби, ачка жүрсө керек. Эми атаң келсе үйгө чакыр" деди. Убакыттын өтүшү менен биз менен аралашып, үйдө кадимкидей бир туугандай болуп кирип чыгып жүрдү. Бир күнү экөөбүз баш кошолу деди. Анда мен дароо "сенин ата-энең эмне дейт" дегем. Анан экөөбүз айылга ата-энесине кат жазууну туура көрдүк. Мен айтып бердим, Нурик жазды. 

Житель села Кайынды-Булак из Архангельска Галина Мальцева
© Фото / Гулдана Талантбекова
Галина менен Нураалы байкенин жаш кези, жаңы үйлөнгөндөгү сүрөт

— Айылдан кандай жооп келди? Кайын журтуңуз алгач кандай кабыл алышыптыр?

— Айылга биринчи кат жибергенде ата-энеси нааразы эле болду. Анан Нурик "силер Галинага баш кошууга уруксат берсеңер барам, болбосо аскерден прапорщик наамын алып орус кыз менен бул жакта калам" деди. Кайра айылдан менин атама телеграмма жиберишиптир "Куда, кудагый, Нуралы менен Галинаны жибериңиз, биз макулбуз. Балабыз Россиядан орус аял алып ошол жакта калып калды деп элдин бетин кантип карайбыз, намыс үчүн келсин, биз жакшынакай тосуп алабыз" дешиптир. Орустун кол сураган салты бар. Анда күйөө бала кайнатасынан кызын мага жубайлыкка бериңиз деп сурайт. Нурик атамдан сүрдөп бир ай сурай албай койду. Атам ыраазычылыгын билдирип макул болгон. Анан ЗАГСка арыз жазып, бир ай кезек күттүк. Ал жерден жолдошумдун фамилиясын алып Галина Жээнбаева болдум. Өзүмдүн фамилиям Мальцева болчу. Бул жерден машина кооздоп, туугандарымды жана аскерлерди чакырып ресторанга той өткөргөнбүз.

— Анан айылды көздөй сапар тарттыңыздар. Кыргызстанга, болгондо да климаты суук Нарынга келин болуп келген күнүңүз эстен кетпесе керек? 

— Биз барганда жакшынакай кыргыздын салты менен тосуп алышты. Эсимде, мени көрөбүз деп аябай көп киши келген, азыр ойлосом айылдын баары келиптир. Коноктор келип эле жатат, мен болсо же тил билбейм дудук кишидей чай сунуп, эл сүйлөсө тиктеп коюп жаттым. Анан Нурикке "эл качан кетет? Идиш жууп, кечке чай сунуп жатып коноктордон тажап кеттим" деп айткам. Мен келгенде элге бат аралаштым, бул жактагылар мени Галя деп алышты. Биз алгач Кыргызстанга кайын-журтка учурашып, анан бетме-бет дагы бир жолу алардан уруксат сурап кайра Россияга кайталы деген оюбуз бар болчу. Анан кайнатам менин атам менен телефон аркылуу байланышып "кызыңызды биз алып калдык, сарсанаа болбоңуз, жумушка орноштурам, балам экөөнү өзүнчө үйгө бөлөм, жардам берип турам. Өзү да элпек кыз экен, кыргыз тилин, каада-салтты үйрөтүп алабыз" деп бизди айылга алып калышты.

— Жаңы келгенде кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

— Кыргыз тилин такыр билчү эмесмин. Эл сүйлөп жатса жакшы-жаман айтып жатканын билбей өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Жаңы келин болуп келгенде эл мени карап алып сүйлөгөндө аларды түшүнө албай, эч ким көрүнбөгөн жакка барып бир ыйлап кайра келчүмүн. Ал ортодо жумушка да орноштум. Ал жактагылар орусча билбейт, бүт кыргызча сүйлөшчү. Ар кимден уккан сөзүмдү дептериме жазып алып, сөздүктөн карачумун. Кыргызча сүйлөп баштаганымда жумуштагылар күлүп жүрүштү. Ошентип жүрүп жарым жылда кыргыз тилин үйрөндүм. Тил менен бирге ырым-жырым, каада-салттарды да тез өздөштүрдүм. Элге ошол себептен жугумдуу болсом керек. Андан кийин кыргызча ырдап, ыр кеселерге, сынактарга катыштым. 

Житель села Кайынды-Булак из Архангельска Галина Мальцева
© Фото / Гулдана Талантбекова
Апасы жана сиңдилери менен

— Ата-энеңиз алыста болсо, сагынып куса болуу сезимдери алгач күч болсо керек?

— Башында Архангельскиге поезд менен бат-баттан каттап турчумун. Үйдөн телеграмма келгенде чоң үйгө кирип алып ыйлачумун. Галинага кат келиптир дегенде жолдошум "эми азыр дагы ыйлайт турбайбы" деп калчу. Анан турмушка көндүм, кийин бир-эки жылда бир барып калдым. Учурда ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Ал кишилер токсон жаштан ашык жашашты. Бир тууган сиңдим былтыр Кыргызстанга келип кеткен. Жерибиздин кооздугуна, бийик тоолоруна, таза абасына суктанып кайтты. Бир гана этти жедире албай койдук.

— Сиз деле башында эт жегенден кыйналсаңыз керек?

— Мен башында этти такыр оозума алчу эмесмин. Нуралы мага балык, колбаса алып келип берип жүрдү. Мал союлат дегенде эле сарсанаа боло баштачумун. Анткени ичеги-карын тазалаганды жаман көрчүмүн. Анан турмуш деген көндүрөт да. Азыр ичеги-карынды алдамедей артып этсиз тура албайм, эки күндүн биринде эт салгыла деп турам (күлүп). Биз Россиядан нан салып жечү эмеспиз. Бул жактан камыр жууруп нан жасаганды, бозо салып, жарма кайнатып, деги эле кыргыз аялына тиешелүү тамак-аштын баарын өздөштүрдүм. Андан сырткары, жүн сабап кийиз жасайм, курак курап, шырдак шырыйм. Бул жагынан кайненем менен улуу кайын эжемдин, кошуна апалардын эмгеги зор. 

— Россияга барганда туугандарыңыз сизден бир өзгөрүүлөрдү байкачу беле?

— Сенин сырткы келбетиң орустарга эмес, кыргыздарга окшошуп калыптыр, орусчаны акцент менен сүйлөп калыпсың айтып калышчу. Бирок жашоодо эне тилимди көп колдонбосом да аны унуткан жокмун.

— Балдарыңыз туурасында айта кетсеңиз, алардын ысымдары эки элдин атынанбы?

— Менин тукумум көп балалуу болгон. Атам Сергейдин сегиз бир тууганы, апам Натальянын беш бир тууганы болсо, өзүм төрт бир тууганмын. Нуралы экөөбүздүн беш балабыз бар. Төрт эркек, анан кудайдан тилеп жүрүп бир кыздуу болдук. Балдарымдын ысымдары Турдаалы, Руслан, Марлис, Максат жана Мунара. Мындан экинчи балама Руслан деген ысымды орусча да, кыргызча да болсун деп мен өзүм койгом. 

— Кудайдан кыз тилеп алдым деп калдыңыз. Кызыңызды көпкө күткөн окшойсуз?

— Төрт эркек баланы төрөгөндөн кийин он жылдан ашык кыз күттүм. Кудайдан үч маал тиленип көп сурандым. Ушул дүйнөдө кызы жок өтөмбү, айланайын, өлүп калсам мага ким ыйлайт дечүмүн. Анткени өлүм-житимге көз көрсөтүп элден калбай барам. Ошондо боз үйгө кирсең кыздар байкуштар жоктоп ыйлашат, эркек балдарың кайраттуу келип көп ыйлабай туруп кетишет. Анан бир тууган, ата-энем алыс жакта болсо, мага деле ыйлаган киши болбойт турбайбы деп далай жолу сарсанаага баттым. Эркек бала деген эркек бала да. Кудай тилегимди берип боюма бүттү. Ал учурда УЗИге түшчү эмеспиз, бирок эмнегедир кыз болот деп ишендим. Ичим чоң болгондуктан эгиз кыз төрөйм деп жүрчүмүн. Көрсө суу эгиз көтөрүпмүн. Азыр Мунарага "сен кудайдын кызысың, мен сени тилеп алгам" деп айтам. 

Житель села Кайынды-Булак из Архангельска Галина Мальцева
© Фото / Гулдана Талантбекова
45 жылдан бери эриш-аркак жашап келишет

— Оозуңуздан кудай түшпөйт экен. Ислам динине өткөнүңүзгө канча болду?

— Ислам динине бул жакка келгенде дароо эле өттүм. Кыргыздын жеринде болгондон кийин ошонун ырын ырдашың керек да. Үйгө киргенде келме келтирип куран окуйм. Мүрзөдөн куран окумайынча өтө албайм. Илгери машиненин аздыгынан районго жөө каттачубуз. Анан орто жолдогу мүрзөдөн чуркап кетчүмүн. Бир жолу уктап жатып түшүмдө арбактар коркпошумду айтып аян беришкен. Азыр коркпойм, келме келтирип өтүп кетем. Кызым беш маал намаз окуйт. Кичине кое туруп мен дагы намаз окусам деген ниетим бар. 

— Азыр эмне менен алектенесиздер?

— Жыйырма сегиз жыл мекемеде татыктуу иштеп, элдин кадыр-баркына татыдым. Ийгиликтүү пенсияга чыгып, учурда чакан дүкөнүбүз менен айылды азык-түлүк менен камсыз кылабыз. Мени айылда баары Галя эже деп таанышат. Жолдошум дыйкан болгондуктан, чарбачылык менен алектенет. Мен гүлдөрдү абдан жакшы көрөм, короого алардын түрүн өстүрөм. Балдарыбыз турмуштан өз ордуларын табышкан, бардыгы жогорку билимдүү. Неберелерибиз каникулда эс алганы келип турушат. Буюрса баары жакшы.

— Галя эже маегиңизге рахмат. Эми сөздү сиз жыйынтыктаңыз.

— Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Ошол элдерге ынтымак каалайм. Асманыбыз ачык, бала-чака, эң башкысы эл-жерибиз аман болсун. Жакшы жашоодо жашайлы, биримдик болсо ынтымак өзү келет.

3125
Белгилер:
келин, сүйүү, Ак-Талаа, Нарын, Россия
Тема боюнча
Алмаз Касымалиев: эфирден эмнеге кулагыңды чукуйсуң деп айтышкан