Муфтият кызматкерлери Дагестанда өтүүчү илимий конференцияга катышат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКуран китеби жана теспе. Архив
Куран китеби жана теспе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференция эки бөлүктөн туруп, дин жаатындагы көйгөйлөр жана руханий мурастарды калыбына келтирүү жолдору талкууланат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын кызматкерлери Дагестанда өтүүчү илимий конференцияга катышат. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Бишкектеги мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги мечиттерде айтылган азандын үнү эми азайтылат
Маалыматка ылайык, Дагестандын борбору Махачкала шаарында 1-2-август күндөрү Эл аралык илимий-практикалык, теологиялык конференция өтөт. 

Эл аралык илимий-практикалык, теологиялык конференцияга КМШ өлкөлөрүнөн илимпоздору, мамлекеттик кызматкерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Конференция эки бөлүктөн туруп, дин жаатындагы көйгөйлөр жана руханий мурастарды калыбына келтирүү жолдору талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0