Тапанча менен көлдөн сүрөткө түшкөн милиционер кыз окуянын чоо-жайын айтып берди

© AP Photo / Lynne SladkyТапанча кармаган кыз. Архив
Тапанча кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет баракчаларында эс алып жүргөн милиционер кыздын тапанча менен түшкөн сүрөтү кызуу талкууга жем таштаган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө кызматтык тапачасы менен эс алып жүрөт делген Баткен ОИИБдин кызматкери курал оюнчук экенин билдирди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты. 

Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көлдө эс алып жүргөн милиция кызматкеринин кызматтык тапанчасы менен түшкөн сүрөтү коомчулукта кызуу талкууга алынган. 

"Тапанча менен түшкөн сүрөттөрүн интернетке киргизген Аида Жалилова Баткен ОИИБде тергөөчү болуп иштейт. Бирок анын кызматтык тапанчасы бизде сакталуу. Аида менен байланышканыбызда ал оюнчук курал менен сүрөткө түшкөнүн айтты", — деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо Жалилова социалдык баракчасындагы сүрөттөрүн өчүрүүгө жетишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0