Бишкекте "Түрк чучуктарын" мыйзамсыз чыгарып келген колбаса цехи жабылды

Жазылуу
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция борбор калаадагы "Бета Сторес-2" супермаркетине текшерүү жүргүзгөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Түрк чучуктарын" мыйзамсыз чыгарып келген колбаса цехи жабылганын шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, соода борборунун жер төлөсүндөгү цех каттоодон өтпөстөн мыйзамсыз иштеп келген. Ошол эле учурда цех ветеринардык-санитардык талаптарга да жооп бербей турганы аныкталган. Ушундан улам аталган цехтин ишмердиги токтотулган.

Ал эми аталган соода борборунда эч кандай цех болбогонун супермаркеттин өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Соода борбордун ичинде эч кандай цех жок. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз ветеринардык инспекциянын кызматкерлерине товарлардын сертификаттарын көрсөткөнбүз. Аларды тараткан билдирүүсүндө көрсөтүшкөн эмес", — деп соода борборунун өкүлү маалымдады.

Ал дүкөндүн администрациясы сотко кайрылууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0