Жол кайгуул милициясы казак элчилигинин машинасын токтоткону үчүн кечирим сурады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 19-июлда Кайгуул милициясы Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин автоунаасын караңгылатылган терезеси үчүн токтоткон болчу.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргыз милициясы Казакстандын элчилигинин автоунаасын токтоткону үчүн кечирим сураганын Tengrinews агенттиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Эске салсак, 2016-жылы 19-июлда Кайгуул милициясы Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин автоунаасын караңгылатылган терезеси үчүн токтоткон.

"Ал автоунааны КРдин Тышкы иштер министрлигинен расмий аккредитациядан өткөн Казакстандын жараны айдап бараткан. Ал жол эрежесин бузган эмес. Ага карабастан КРдин Кайгуул милициясы Вена конвенциясынын дипломатиялык эрежелерин бузуу менен элчиликтин же, КРдин тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусуз машинаны токтотуп, айдоочунун жеке жана аккредитациялык документтерин алган. Казакстандын элчилиги КР Тышкы иштер министрлигине кайрылгандан кийин машина кое берилген", — деп айтылат маалыматта.

Рейд: унаа терезелерин караңгылаткан айдоочулар кылтакка илинди - Sputnik Кыргызстан
Рейд: унаа терезелерин караңгылаткан айдоочулар кылтакка илинди
Аталган факты боюнча Казакстандын элчилиги КР Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, Кайгуул милициясынын аракеттерине түшүндүрмө берүүнү суранган.

Ошондой эле маалыматка ылайык, 25-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде казак элчиси Айымдос Бозжигитов менен министрликтин жетекчилигинин жолугушуусу болгон. Анда КР тышкы иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жана КР ТИМдин мамлекеттик протокол кызматынын жетекчиси Айбек Маматбеков аталган окуя боюнча кечирим сураганы айтылат.

Ал эми КР Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0