Фонтандын жанындагы шаарыдктар. Архив

Счет берчи, замкание болуптур, гордыйсың ээ… Кыргызча айта аласызбы?

(жаңыланган 16:08 28.07.2016)
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев кыргыз тили абдан бай экенин белгилейт. Анын айтымында, бир эле сөздү кыргызча бир нече вариантта айтса болот.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Айида Батырбекова. Коомчулуктун сүйлөө речинде же кыргызча эмес, же орусча эмес мите сөздөрдүн колдонулушу көндүм адатка айланып бараткандай. Окуучудан тарта саясатчыга чейин колдонгон "давай", "хорошо", "звандап кой", "счет берип койчу" сыяктуу чулдур сөздөр кадимки эле көрүнүш болуп калды. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында күнүмдүк жашоодо көп колдонулган сөздөр кыргызчага которулду. 

Сдача берип коесузбу — ашкан тыйынын берип коёсузбу?

Счет канча болду?— канча сом болду? Баары канча болду?

Остановкадан токтотуп коюңузчу — аялдамадан токтотуп коюңузчу?

Мага звандап кой ээ — мага (телефон) чалып кой ээ?!

Мешайт этпей ары тур — жолтоо (тоскоолдук) кылбай ары тур.

Доллардын курсу канча болуп жатат — доллардын баасы канча болуп жатат?

Врачка барыш керек — дарыгерге барыш керек.

Проблема көбөйүп кетти — көйгөй көбөйүп кетти; иштер көбөйүп (татаалдашып, оорлошуп) кетти; маселелер арбып кетти, ж.б.

Важный жолугушуу бар эле — маанилүү жолугушуу бар эле. Сөзсүз (тезирээк) жолугушчу иштер бар эле.

Жаңы очки сатып алдым — жаңы көз айнек сатып алдым.

Хорошо, сен айткандай болсун — макул (болуптур, мейли) сен айткандай болсун.

Мейли, давай, ээ — мейли, ошент, ээ!

Единицам түгөнүп калыптыр — бирдигим түгөнүп калыптыр. Телефонумдун акчасы түгөнүп калыптыр.

Объявление берип койдум — кулактандыруу (жарыя) берип койдум.

Ал аябай гордый адам — ал өзүнүн баркын билген (сактаган) адам. 2. Өтмө мааниси: Ал өзү аябай кекирейген (текебер) адам.

Бизге профессионалдар керек — бизге иш билги (чебер, өз ишин жакшы билген) адистер керек.

Оо-оо, крутой болуп кеткенсиң го — Оо, кыйын болуп кеткенсиң го?!

Магазиндерде 50 процент скидка болуп жатыптыр — дүкөндөрдө 50 пайыз арзандатуу (жеңилдик) болуп жатыптыр.

Жаңы мобильный приложение чыгыптыр — жаңы уюлдук тиркеме чыгыптыр.

Замкание болуп өрт чыкты — электр зымдары биригип (кошулуп) калып өрт чыкты.

Белгилер:
филология, тибиртке, кыргыз тили, Ишенбек Султаналиев
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
Таң заар, супа салганда, каш карайганда, багымдат — саат канча болду?
Кыргыздар тшө-тшө, кыйтуу-кыйтуу, ар-ар деп кайсы жаныбарларды чакырарын билесизби?
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин Парламенттик ассамблеядагы өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Встреча торага Жогорку Кенеша Таланта Мамытова с соотечественниками в Санкт-Петербурге
    Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба ЖК
1 / 3
© Фото / пресс-служба ЖК
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.

"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.

Белгилер:
жолугушуу, мигранттар, жыйын, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта