Мэрия: курулуш компаниялары борбордун көчөлөрүн бузуп жатат

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаКурулуш объектисиндеги кран. Архив
Курулуш объектисиндеги кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар курулуш компаниялары эл өткөн жолго курулуш материалдарын түшүрүп коюп, андан кийин аны тазалоо иштерин жүргүзүшпөйт.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы курулуш компаниялардын жетекчилерин тазалыкты сактоого чакырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Чүй проспектисинин төмөнкү жагында жайгашкан Сүйүнбаев көчөсүндө бир нече айдан бери көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. 

"Оор жүк ташуучу унаалар курулуш материалдарын жолго түшүрүп жаткандыктан жолдун үстүңкү катмары бузулуп жатат. Курулуш компаниялардын бригадирлери аймакты таза кармоо үчүн жеке компаниялар менен келишим түзүшкөн. Анткен менен деле тазалык байкалбай жатат", — деп айтылат маалыматта. 

"Тазалык" ишканасы курулуштун айланасын таза кармоо үчүн келишим түзүүнү жана курулуш материалдарын өздөрүнүн аймагына түшүрүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0