Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив

7-апрель соту: өмүр бою абакка кесилген Бакиевдин жазасы өзгөртүлүп, 30 жылга кесилди

558
(жаңыланган 20:58 29.07.2016)
Аталган чечимге ылайык, соттолгондорго карата колдонулган мунапыс жокко чыгарылды.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жогорко сотто 7-апрель боюнча отурум уланып, анда соттук коллегия акыркы чечимин чыгарды.

Аталган чечимге ылайык, Курманбек Бакиевдин жазасы өзгөртүлүп, 30 жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин аскер соту мурунку президентти өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал эми Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновду өмүр бою абакка отургузуу боюнча чечими күчүндө калды.

Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева Кылмыш жаза кодексине ылайык, 60 жаштан ашкандарга карата өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай тургандыктан, Курманбек Бакиевдин жазасы өзгөртүлгөнүн кошумчалады. 

2010-жылы Курманбек Бакиев 61 жашта болгон

Мындан сырткары Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункуловдорго карата кабыл алынган Аскер сотунун мунапысы жокко чыгарылды.

Ал эми Аскер сотунун калган өкүмү күчүндө калтырылды.

558
Белгилер:
Апрель окуялары, сот, Курманбек Бакиев
Тема боюнча
Жогорку соттун 7-апрель окуясы боюнча отуруму 28-июлга жылды
Прокуратура 7-апрель боюнча Аскер сотунун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко даттанды