Милиция кызматкерлери 125 тоннадан ашык кара куурайды жок кылышты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖапайы өскөн кара куурайды жок кылуу. Архив
Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны жок кылууга 900дөн ашык милиция кызматкерлери менен тургундар катышкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. "Кара куурай" рейдинин алкагында 125 тонна жапайы кара куурай жок кылынганын Ички иштер министрлиги кабарлады. 

ИИМдин маалыматына караганда рейд 18-22-июль аралыгында өткөн. Баңгизат өсүмдүгүн жок кылууга 900дөн ашык милиция кызматкерлери менен тургундар катышкан. 

"209,3 гектар жерден жалпы салмагы 125 тонна 985 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды", — деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар рейд учурунда баңгизатка байланыштуу 26 кылмыштын бети ачылып, 232 килограмм баңгизат сатыктан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0