ЖАМК: биринчи жарым жылдыкта камактагылардан 2 миң уюлдук телефон алынган

Жазылуу
Камакка алынгандар менен кызматташкан делген 20 жумушчу жоопко тартылып, алардын бирөө кызматтан алынган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы биринчи жарым жылдыкта жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.

Маалыматка ылайык, бул убакыт ичинде мекеменин ичинен 4,7 килограмм баңгизаты алынган. 

"Тинтүү иштери учурунда камакка алынгандардан тыюу салынган каражаттар табылды. 2099 уюлдук телефон, кесүүчү буюмдар, акча жана спирт ичимдиктер алынган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЖАМКтын мекемелеринин ичиндеги ишканаларга 1394 соттолгон адам жумушка орношкон. Бул жактан биринчи жарым жылдыкта 47 миллион сомдук товар өндүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0