Имамдар үчүн колдонмо курал чыкты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКуран китеби жана теспе. Архив
Куран китеби жана теспе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган китепте имамдар үчүн бардык тематикалар камтылган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлерине "Жума хутбалары" китебин таратканын муфтият билдирди.

Аталган китеп КМБДнын фатва бөлүмү тарабынан даярдалып, имамдар үчүн колдонмо курал болуп саналат. 

"Китеп ар бир район, айыл имамына берилиши керек. Ошондой эле республика боюнча бирдиктүү жума хутбаны колго алуу менен ар бири бул китепти колдонмо курал катары пайдалануусу зарыл", — деди фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Ал китепте имамдар үчүн бардык тематикалар камтылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0