Ысык-Көлдө россиялык эс алуучулар жол кырсыгына кабылды

© Фото / Александра ПановаЫсык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында Pegeot 4007 и Audi 100 унаалары бетме-бет кагышканын кесепети.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында Pegeot 4007 и Audi 100 унаалары бетме-бет кагышканын кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Чоң-Жаргылчак айылынын жолунда болгон. Бактыга жараша кырсыктан эч ким олуттуу жараат алган эмес.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында Pegeot 4007 и Audi 100 унаалары бетме-бет кагышкан. Анын биринде россиялык жарандар келе жатса, экинчисинде кыргызстандык үй-бүлө бала-чакасы менен болгон. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

© Фото / Александра ПановаПоследствия ДТП, произошедшего в результате лобового столкновения двух машин — Pegeot 4007 и Audi 100 — в селе Чон-Жаргылчак Джеты-Огузского района
Последствия ДТП, произошедшего в результате лобового столкновения двух машин — Pegeot 4007 и Audi 100 — в селе Чон-Жаргылчак Джеты-Огузского района - Sputnik Кыргызстан
Последствия ДТП, произошедшего в результате лобового столкновения двух машин — Pegeot 4007 и Audi 100 — в селе Чон-Жаргылчак Джеты-Огузского района

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кырсыкка кабылган россиялык турист Александр Панов менен байланышты. Ал эч ким олуттуу жараат албаганын маалымдап, бирок эс алуу ойдогудай ишке ашпай калганына өкүнөрүн белгиледи.

"Туулган күнүмдү ушул жерден өткөрөйүн дегем. Эми акча дарыланууга кетип жатат. Кагышуудан жубайымдын көкүрөк сөөктөрү жабыркаган окшойт. Жөтөлгөн сайын чыдатпай ооруп жатат. Рентген сөөк сынбаганын көрсөттү", — деди ал. 

Ребров үй-бүлөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тонолгон россиялык жаран: окуяга премьер-министрдин кийлигишкенине таң калдым
Анын айтымында, жол кырсыгына алар менен сүзүшүп кеткен Audi 100 унаасынын айдоочусу Алтынбек Садыков күнөөлүү.

Садыков айыбын моюндап жатат. Унаанын ичиндеги чоң кишилер менен бала-чака жабыркаган эмес. Туугандары Садыковдун иши жок экенин айтып, кырсыкка кабылган Pegeot 4007 унаасын калыбына келтирүүгө анын чамасы жетпей турганын белгилешти. Алар россиялык жаранга компенсация иретинде 150 миң сом сунушташкан.

"Панов акчаны алууга жана унаасын Казакстанга жеткирип берүүбүзгө макул болду. Ал жактан ата-энесин алып кетиши керек экен. Мындан артык эч нерсе жасай албайбыз", — дешти алар.

Чет элдик жаран Томскиден Ысык-Көлгө келе жатып, ата-энесин Казакстандагы туугандарыныкына таштап келген.

"Айыпкер тарап сунуштап жаткан компенсацияга макул болдум. Эч нерсеси жок калышым мүмкүн экенин да айтышты. Бирок машинамды калыбына келтириш үчүн 7 миң доллар сарпталат экен. Эгер окуя Россияда болсо, насыяга алган унаамды камсыздандыруу компаниясы калыбына келтирип бермек", — деди ал. 

Жети-Өгүз РИИБдин тергөөчүсү Шайымбет Асанов тараптардын макулдашуусуна карабай иш тергөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөрүн белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0