Волейбол тобу. Архив

Ошто дин кызматкерлери спорттук мелдеште күч сынашууда

19
Таймаш спорттун волейбол, футбол жана сууда сүзүү түрлөрү боюнча өтүп жатат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаарында казыяттар арасында спорттук мелдеш өтүп жатканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир волейбол, футбол жана сууда сүзүү боюнча болууда. Ага учурда Жалал-Абад, Баткен, Ош облустары менен Ош шаардык казыяттардын кызматкерлери ат салышып жатат.

Дин кызматкерлери арасындагы спорттук иш-чаранын ачылышында Ош шаарынын казысы спорт менен машыгуу ден-соолукту бекемдеп, күч-кубат берерин белгилеп өттү.

 

19
Белгилер:
казыят, мелдеш, Спорт, Ош
Тема боюнча
Кыргыз танкисттери Россияда өтүп жаткан аскер оюндарына катышууда
Пикирлер