Футбол ойногон жаш балдар. Архив

Бишкекте милициянын каттоосунда турган балдардын арасында спартакиада башталды

14
Турнирге Бишкектин төрт районунда каттоодо турган 15 жашка чейинки балдар катышат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Борбор калаада жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциянын каттоосунда турган балдардын арасында спартакиада башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш спорттун алты түрү — мини-футбол, стол тенниси, сууда сүзүү, дартс, бука тартыш жана таяк тартыш боюнча өтөт.

Турнирге Бишкектин төрт районунда каттоодо турган 15 жашка чейинки балдар катышат. Спорттук иш-чара шаардагы "Дордой" спорт комплексинде өтүп, 5-августка чейин уланат.

14
Белгилер:
каттоо, мелдеш, Спорт, Бишкек
Тема боюнча
Дүлөйлөр арасындагы дүйнөлүк мелдеште кыргыз дзюдочулар эки медаль тагынышты
Пикирлер