ВКонтакте сайтында болгон конкурска сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаров

Сынактан утулуп калган россиялык окуучуну КРге алып келүү демилгеленүүдө

607
(жаңыланган 11:49 02.08.2016)
Конкурстун жеңүүчүсү Кыргызстанга келүүдөн баш тарткан. Ал эми экинчи орунду алган Игорь Назаров Кыргызстанга келүүнү абдан самап жүргөнүн айткан эле.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары "ВКонтакте" сайтында болгон конкурска сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаровду өз алдынча Кыргызстанга алып келүүнү демилгелеп жатышат.

Июнь айында "ВКонтакте" сайтында паблик "Как я встретил столбняк" тайпасында конкурс болгон. Катышуучулар адаттан тыш өзгөчө жерден өзгөчө сүрөткө түшүп, аны жарыялашы керек болчу. Жеңүүчү Кыргызстанга келип кетүүгө жолдомо же 15 миң рубль акчалай сыйлык алмак.

Конкурстун жыйынтыгында сазга батып сүрөткө түшкөн Назаров экинчи орунду алган. Жеңүүчү random сайты аркылуу аныкталып, Сергей Малой жеңүүчү болгон. Бирок ал Кыргызстанга келүүдөн баш тартып, акчалай сыйлыкты алган болчу.

Буга чейин Игорь Назаров Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде Кыргызстанга келүүнү самай турганын айткан.

Twitter социалдык тармагынын колдонуучусу ага жардам берүүгө даяр экенин жазды.

Facebook тармагынын башка колдонуучусу Назаровду Кыргызстанга алып келүү үчүн 200-500 сомдон чогултууга чакырды. 

Назаров сазга баткан сүрөтүн жарыялагандан кийин анын сүрөтү аябай талкуу жаратып, ылакапка айланган.

607
Белгилер:
конкурс, социалдык тармак, окуучулар, Игорь Назаров
Тема боюнча
Сазга батып ылакапка айланган окуучу Кыргызстанга келе албай калды
Пикирлер