Кранды оңдогон усталар. Архив

Мэрия шаардын көркүн бузган ири көрнөк-жарнактарды алууда

33
(жаңыланган 13:30 02.08.2016)
Мындай аракеттер Кыргызстанда өтүүчү ири иш-чараларга байланыштуу жасалып жатат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Муниципалдык менчик башкармалыгы Бишкектин Манас, Чыңгыз Айтматов, Чүй, Жибек жолу проспектилери жана Абдрахманов менен Байтик баатыр көчөлөрүндөгү ири көрнөк-жарнактарды алууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай кадам Кыргызстанда өтүүчү КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына, Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын кеңешине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктан улам жасалып жатат. 

Учурда шаардын көркүн бузган 64 көрнөк-жарнак алынып, эми дагы 60ы алынары күтүлүүдө.

33
Белгилер:
көрнөк-жарнак, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Бишкектеги КМШ саммити (37)
Тема боюнча
Горький көчөсүндөгү чуу жараткан баннер алып салынат
Пикирлер