Ала-Тоо борбор аянты. Архив

Бишкек россиялык туристтер үчүн КМШдагы эң арзан шаар болуп калды

141
(жаңыланган 14:25 02.08.2016)
Ал эми эс алуу үчүн эң кымбат шаар деп Астана табылды.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаары КМШ мамлекеттеринин ичинен россиялык туристтер үчүн эң арзан калаа болгонун RoomGuru.ru сайты аныктап чыкты. 

Маалыматка ылайык, рейтинг жыл башынан бери мейманканаларды издөө жана алдын ала ээлөөнүн саны боюнча түзүлгөн. 

Бишкек шаары КМШ өлкөлөрүнүн ичинен популярдуулугу боюнча 8-орунда турат.

"Кыргызстандын борбор калаасына россиялыктар орточо эсеп менен эки күнгө келип, мейманканага 1,9 миң рубль төлөшөт. Ал эми КМШнын башка шаарларында үч күнгө 2,9 миң рубль алынат", — деп айтылат рейтингде.

Быйыл россиялык туристтердин арасында Минск, Алматы, Баку, Астана, Ереван, Киев, Ташкент, Бишкек, Витебск жана Кишинев шаарлары чоң кызыгуу жараткан.

Ал эми эс алуу үчүн эң кымбат шаар деп Астана табылды. Ал жакта бир суткага орточо эсеп менен 3,5 миң рубль керектелет.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

141
Белгилер:
шаар, турист, мейманкана, КМШ
Тема боюнча
Кыргызстанда 2 миллион жаран интернет колдонот
Ысык-Көлдө россиялык эс алуучулар жол кырсыгына кабылды
Пикирлер