БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында төрт күнгө газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 1-2-август күндөрү №12 кичи район, 2-3-августта "Көк-Жар" кичи районуна, 3-4-августта Грибоедов жана Байтик баатыр көчөлөрүнө берилбейт.
Ишкана мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатканын түшүндүрдү.