БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Гуманитардык жардам жана гранттар кошумча нарк салыгынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кодекс 256-3 берене менен толукталып, анда социалдык маанилүү объектилер (СМО) жөнүндөгү макулдашууга ылайык келген товарлар же кызматтар кошумча салык кызматынан бошотулары каралган.
СМО жөнүндөгү келишим грант берүүчү, подрядчы жана товар жеткирүүчүнүн ортосундагы үч тараптуу документ болуп саналат. Анын бир тарабы мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органы болушу мүмкүн.