Каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматы августтан тарта жарандарга жеке номер бере баштады

114
(жаңыланган 16:53 02.08.2016)
Буга чейин ПИН номерди Социалдык фонд берип келген. Эми бул укук Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлдү.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы 1-августтан баштап кыргызстандыктарга жеке идентификациялык номер бере баштаганын аталган мекеме билдирди.

Буга чейин ПИН номерди Социалдык фонд берип келген. Эми өкмөт токтомунун негизинде бул укук Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлдү.

Жеке номерлер "1адам-1 паспорт-1 ПИН" принциби менен Бирдиктүү мамлекеттик регистрди түзүүнүн алкагында берилүүдө. Мындай номерлерди каттоого турган жердеги ЗАГС бөлүмүнөн алууга болот.

114
Белгилер:
пин-номер, каттоо, өкмөт
Тема боюнча
Августтан баштап жашаган жери боюнча паспорт алууга шарт түзүлөт
Пикирлер