Instagram социалдык тармагынын расмий аккаунтунда жайгаштырылган Эльер Нематовдун Баткендин Исфана шаарынан тартып алган сүрөтү

Исфаналык эки баланын сүрөтү Instagram тармагында 700 миң лайк топтоду

3266
(жаңыланган 17:31 02.08.2016)
Бир күндүн ичинде бул сүрөт 700 миңге чукул "лайк" алып, 3150 пайдалануучу комментарий жазган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Instagram социалдык тармагынын расмий аккаунту өзүнүн баракчасына жаш сүрөтчү Эльер Нематовдун Баткендин Исфана шаарынан тартып алган сүрөтүн жайгаштырды.

Эки кичинекей баланын колго жасалган көпүрөдөн өтүп жаткан сүрөтү интернетке 17 саат мурун жайгаштырылган. 

Бул убакыт аралыгында ал 700 миңге чукул "лайк" алып, 3150 пайдалануучу комментарий жазган.

"Борбор Азия мамлекеттерине барсаң өспүрүмдүк курактан чоң кишилердин заманына туш болгондой болосуң", — деп ага сүрөтчүнүн сөздөрү кошумчаланган.

"Эльердин күнүмдүк жашоону чагылдырган сүрөттөрү жөнөкөй келип, маданияттар менен улуттардын ар түрдүүлүгүн мыкты чагылдырат. Кээде бул дарбыз саткан карапайым соодагер болсо, кээде мээримдүү полиция кызматкери… Айрым учурда ал бизди ири масштабдуу панорама менен кубантып, Ата Мекендин духун берет", — деп жазды Instagram командасы.

Ал эми өзүнүн жеке баракчасында Эльер сүрөттүн алдына балдар менен болгон маегин кошо берген.

Мен: Каякка баратасыңар?
Балдар: Бүгүн бала бакчада коштошуу кечеси өтөт.

Мен: Каякта болот?
Балдар: 40 мүнөттөй жөө басабыз.

Мен: Суудан өткөндөн коркпойсуңарбы? Үйдөн 7.30да чыктыңар окшойт?
Балдар: Жок, туптуура 7.45те чыктык. Бул бала бакчага бара турган жалгыз жол.

Мен: Ата-энеңер кайда?
Балдар: Алар үч жылдан бери Россияда иштейт. Бала бакча жабылып калган. Баарыбыз Россияга көчүп барып, ошол жактан мектепке барабыз.

Сүрөтчү балдар менен бала бакчага чейин сүйлөшүп барганын белгилейт.

3266
Белгилер:
Сүрөт, Instagram
Тема боюнча
Ангела Меркелдин Instagram баракчасына Кыргызстан тууралуу сүрөттөрү жарыяланды
Чачын өзгөчө өстүргөн кызы менен атасы интернет жылдызы болушту
Пикирлер