Ремонтные работы по реконструкции ипподрома в селе Бактуу-Долоноту

Бактуу-Долонотудагы ипподромду 1000 жумушчу куруп жатат

75
(жаңыланган 17:27 02.08.2016)
Куруучулар ардагерлерге жасап жаткан иштери тууралуу айтып берип, карыялардын ак батасын алышты.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. ИИМ ардагерлери Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Көчмөндөр оюндары өтчү ипподромду салып жаткан куруучулар менен жолукканын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ардагерлердин делегациясын ИИМ башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев коштоп барган. 

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1000ге чукул жумушчуга өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган ардагерлер ыраазычылык билдирип, алып келген белектерин ыроолошту. Өз кезегинде куруучулар жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берип, аксакал карыялардын ак батасын алышты.

75
Белгилер:
ардагер, ипподром, ИИМ
Тема боюнча
Президент Көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан ипподромдун сапатына көңүл бурду
Көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт
Пикирлер