Өткөн жылы жоголуп кеткен чек ара кызматкери Бексултан Бааридинов. Архив

Чек арачынын жоголгонуна бир жыл толду. Издөө иштеринин жыйынтыгы

648
(жаңыланган 10:50 03.08.2016)
Былтыр август айында Чоң-Алай районундагы "Карамык" заставасында нөөмөттө турган 19 жаштагы чек арачы Бексултан Бааридинов дайынсыз жоголуп кеткен.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өткөн жылы жоголуп кеткен чек ара кызматкери Бексултан Бааридиновду издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

2015-жылдын 23-августунда Чоң-Алай районундагы "Карамык" заставасында нөөмөттө турган 19 жаштагы чек арачы дайынсыз жоголуп кеткен. Анын жанында Калашников автоматы бар экени айтылган. Айрым маалыматтар боюнча чек арачы аң уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. 

"Быйылкы жылдын 30-июнунда Коргоо кеңешинин катчылыгында Бааридиновду издөө боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жасалган иштер өз убагында аткарылганы айтылды. Кеңештин катышуучулары катардагы Бааридиновду издөөнү ИИМге өткөрүп берүү чечимин кабыл алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-июль күндөрү чек арачылар ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Чоң-Алай РИИБ, ӨКМдин Ош боюнча башкармалыгы жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте издөө иш-чараларын өткөрүшкөн. Мында алар Узун-Мурун, Түштүк Бок-Башы жана Шумкар-Тоо ашууларын кыдырышкан.

Ошондой эле Тажикстандын Чек ара кызматы менен да маалымат алышып, аскерди издөө иштери улантылууда. Андан сырткары, чек ара наряддарына жоголуп кеткен аскерди издөө тууралуу күн сайын кошумча тапшырмалар берилип жатканы кошумчаланды.

Өз кезегинде жоголгон аскердин апасы Майрам Закирова уулунун изделиши боюнча бийлик тараптан эч кандай аракеттер көрүлбөй жатканын айтты.

"Биз менен ушул жылдын январында байланышкан. Андан бери кат-кабар алгандар жок. Балаңыз табылат деп эле сооротуп келе жатышат. Бирок баламды башка жакка эле сатып жиберишкенби деген күмөндүү ойлор да келбей койгон жок", — дейт Закирова.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы жоголуп кеткен аскердин туугандары, ата-энеси менен бир нече жолу жолукканын белгилеп, акыркы жолугуу 27-июнда болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бааридиновдун жакындары апрель айында Ак үйдүн алдына митингге чыгып, баласын таап берүү үчүн бийликтен жардам сурашкан болчу.

648
Белгилер:
Аскер, Чек ара, Бексултан Бааридинов
Тема:
Дайынсыз кеткен чек арачыны издөө (12)
Тема боюнча
Чоң-Алайда жоголгон чек арачынын ата-энеси Ак үй алдына митингге чыкты
Чек арачынын жоголушу боюнча жаңы жагдай: жоокер кийик уулаганы жөнөтүлүп, жоголгон
Пикирлер