Чычкан суусуна унаасы менен кулап кеткен баланын сөөгү эки жумадан кийин табылды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүВодолаздар. Архив
Водолаздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 23-июлда саат 05:00 чамасында катталган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 268-чакырымындагы болгон жол кырсыктан Audi-100 үлгүсүндөгү машина менен Чычкан суусуна агып кеткен 18 жаштагы баланын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 23-июлда саат 05:00 чамасында катталган. Анда Toyota ВЕЕТ унаасы менен Audi-100 үлгүсүндөгү машина кагышкан. Мындан улам Audi-100 сууга түшүп, ичиндеги 22 жана 18 жаштагы эки жүргүнчү чөгүп, анын биринин сөөгү табылган болчу.

Издөө иштерин 8 куткаруучу жүргүзүп, маркумду 2-августта саат 16:18де табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0