Аэропортто "барымтада" калган жаран бул окуяга кантип туш болгонун айтып берди

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу адам. Архив
Аэропорттогу адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядан учуп келген Алексей Попов беш суткадан бери "Манас" аэропортунун терминалында күн кечирүүдө. Аны өлкөгө паспорту жок болгондуктан киргизишкен эмес.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Беш суткадан бери эч жакка чыга албай "Манас" аэропортунда турган Алексей Попов өзүн бир да мамлекетке тиешеси жоктой сезип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин бир катар ЖМКлар жекшембиде Россиядан учуп келген Алексей Попов "Манас" аэропортунан чыга албай калганын маалымдашкан. Анын паспорту жок болгондуктан өлкөгө киргизишкен эмес.

Кыргызстандык кантип жарандыгы жок калды?

55 жаштагы Попов Кыргызстандын жараны болгон. Бирок 2014-жылы Россияга туруктуу жашоо үчүн кеткен.

Выживший (Тирүү калган) кинотасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Голливуддун кайсы тасмасы үчүн Кыргызстан ылайыктуу болмок
"Былтыр КР президенти менин Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу боюнча өтүнүчүмө кол койгон. Анын негизинде мага Россиядан убактылуу "жарандыгы жок" деген документ беришкен. Июль айында мен Россиянын жарандыгын алууну көздөп жаткам. Бирок кандайдыр бир нерселер болуп кетти. Анан Бишкектеги ата-энем ооруп калды. Алардын ал-акыбалын сурайын деп шашылыш учуп келдим. Мени бул жакка киргизбей коёт деп ойлогон эмесмин", — дейт Попов.

Ал ошондой эле ата-энеси сексенден ашып калганын кошумчалады.

"Терминал" киносундагыдай

Попов терминалдагы отургучтарда уктап жатат.

"Баштыгымды башыма жазданып уктап, аэропорттун ажатканасында жуунуп-тазаланып жатам. Тамакты болсо Бишкекте жашаган кызым алып келип берүүдө", — деди ал.

Аэропорттун кызматкерлери аны таанып калгандыктан, көрүп калганда учурашып турушат. Айрымдары келип ал-ахыбалымды сурап жатышат, дейт Алексей. 

Виза керек

Алексейдин Кыргызстанга кирүүсү үчүн виза керектигин КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Жарандыгы жок кишинин Кыргызстандын аймагына кирүүсү үчүн документ керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Поповду депортация кылуу үчүн аны алып келген авиакомпания кайта алып кетиши керек. Алексейди Кыргызстанга алып келген "Эйр Кыргызстан" авиакомпаняисынын директору Жолдошбек Бектурганов Бишкек — Краснодар каттамы жумасына бир жолу гана учарын билдирди.

Попов канткенде Кыргызстанга кире алат

КР Тышкы иштер министрлигинин "Манас" аэропортунда нөөмөттө турган консулу Попов менен жолугуп, КРге кантип кирүү керектигин түшүндүрүп берген. ТИМ билдиргендей, чет элдик жарандардын же жарандыгы жок кишилердин виза алуусу үчүн төмөндөгү документтер керек:

 

  • мөөнөтү бүтө элек жалпы жарандык паспорт, же анын ордуна жарай турган документ;
  • чет элдик жарандын жеке арызы;
  • Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандын чакыруу-арызынын негизинде берилген Мамлекеттик каттоо кызматынын уруксаты;
  • эки экземплярдагы виза анкетасы;
  • чакырган тараптын иштеген жеринен канча айлык ала турганын тастыктай турган сурам кат же анын материалдык абалын тастыктай турган документ;
  • Ошондой эле чакырып жаткан тарап бардык чыгымды өзүнө ала турганын тастыктаган арыз болушу керек.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0