Жол инспекторун капотто сүйрөп кеткен айдоочу бир жылга кесилди

Жазылуу
Окуя жыл башында Бишкектеги "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанында болгон.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек ШИИБнин Жол кайгуул кызматынын инспекторун унаа капотунда сүйрөп кеткен Адилет Максутов шарттуу түрдө бир жылга соттолгонун анын адвокаты Марс Асаналиев билдирди.

"Июлдун аягында сот Максутовду күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратты", — деди сот.

Айдоочу: Инспектор капотко секирип, тапанчасын такагандыктан, коркуп айдап жибердим
Окуя январь айынын соңунда "Айчүрөк" борборунун аймагында болгон. YouTube сайтында жайгаштырылган видеодо BMW үлгүсүндөгү унаа капотуна жол инспекторун жаткырган боюнча Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүн карай айдап баратканы тартылып калган. Бир суткадан кийин кармалган 22 жаштагы Максутов инспектор тапанчасын алып чыкканда коркуп кетип, унааны айдап кеткенин айткан.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо" жана "кылмыш жасоого аракеттенүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0