Экс-министр Төрөгул Беков Пензада чөгүп бараткан кемпирди сактап калды

© Sputnik / Артем Семенов / Медиабанкка өтүүПенза шаары. Архив
Пенза шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бир ай мурун болгондугуна карабастан, маалымат бүгүн тараган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Биринчи Пенза порталы кыргызстандык Төрөгул Беков сууга чөгүп бара жаткан кемпирди сактап калгандыгын жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, Төрөгул Беков буга чейин Айыл чарба министри болуп иштеген. 

"Өз жумушу менен өтүп бара жаткан Беков чөгүп жаткан кемпирди кокустан көрүп калып, сактаганга жетишкен. Эгер ал болбогондо кемпир набыт болуп калыш мүмкүн эле ", — деп жазылат маалыматта. 

Беков кемпирди суудан алып чыгаары менен куткаруучулар келип, биринчи жардам көрсөтүшкөн. Окуя Пенза шаарында бир ай мурун болгондугуна карабастан, маалымат бүгүн тараган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0