Зардалыда сел алып кеткен көпүрөлөр курулуп жатат

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиЗардалы айылына барчу жол
Зардалы айылына барчу жол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Район борбору менен байланыштырган бул көпүрөлөрдүн бузулушу элди байланышсыз калтырган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Баткен облусунун Зардалы айылында катуу жааган жаандан улам сел алып кеткен көпүрөлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 29-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Зардалы айылындагы унаа өтүүчү эки жана жөө киши баскан жолдогу бир көпүрөнү суу алып, жергиликтүү тургундар байланышсыз калышкан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылына баруучу жол жана сел алып кеткен көпүрөнүн абалы менен жеринен таанышып келди. 

"Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик техника жана темир түтүк, ӨКМ тарабынан бир тонна күйүүчү май бөлүнүп, эки көпүрөнү куруу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, Даңги тилкесиндеги жөө киши өтүүчү көпүрөнү куруу үчүн ӨКМ тарабынан курулуш материалдары сатып алынууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Халмурзаев жолду оңдоп-түзөө, көпүрө куруу иштерин жеке көзөмөлүнө ала турганын белгилеп, көпүрөлөрдүн курулушун тез арада сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0