Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы

Карагат FEST: Көлдүн Ак-Суусунда мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат

185
(жаңыланган 14:45 06.08.2016)
Фестиваль жергиликтүү бийлик жана AVEP коомдук фондусу тарабынан уюштурулган.

ЫСЫК-КӨЛ, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат.

Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген.

  • Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат
    Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат
    © Фото / Айида Батырбекова
  • Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген
    Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген
    © Фото / Айида Батырбекова
  • Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат
    Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат
    © Фото / Кыялбек Тазабеков
  • Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт.
    Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт.
    © Фото / Кыялбек Тазабеков
1 / 4
© Фото / Айида Батырбекова
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат

Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат. 

Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт. Аларды көбөйтүү үчүн райондо күнөсканаларды куруу активдешкен. Мындан тышкары, жакында эле карагаттын түшүмдүүлүгүн 60 пайызга жогору бере турган жаңы сорттор алып келинген.

Ал эми Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиев башка мамлекеттен мөмө-жемиштин көчөттөрүн алып келүүдө 12 пайыздык кошумча нарк салыгынан жана 5 пайыздык бажы төлөмүнөн бошотуу боюнча маселе көтөрүлүп жатканын айтты.

Кыргызстан гимнинин жаңыруусу менен башталган фестивалда мөмө-жемиш көргөзмөлөрү уюштурулуп, карагат боюнча мастер-класстар өтүүдө. Иш-чара оюн-зоок, ар кандай конкурстар менен коштолуп жатат.

Фестивалдын соңунда Карагат FEST иш-чарасын өткөрүү эстафетасы Ысык-Көл районуна өткөрүлмөкчү.

185
Белгилер:
фестиваль, мөмө-жемиштер, карагат, Ысык-Көл
Тема боюнча
Ысык-Көлдө салт-санааны даңазалаган фестиваль өттү
Көлдүктөр биринчи жолу "сары кыздын тоюн" тойлошту