Түркияда 98 уйгурга паспорт жасап бергендер Кыргызстанга алып келинди

Жазылуу
Бул боюнча ЖКда да талкуу жүрүп, премьер-министр Каттоо кызматы менен ИИМге маселенин чоо-жайын иликтөөнү тапшырган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Түркияда жасалма кыргыз паспорт жасап берип, чет элдик жарандар үчүн мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган эки жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эл өкүлү Кенжебек Бокоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Бокоев паспорт чуусун УКМКга тапшырууну сунуштады
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-майында Стамбул шаарынын аэропортунан кыргыз паспорттору менен кытайлык 98 уйгур жараны кармалган. Бул боюнча Жогорку Кеңеште да талкуу жүрүп, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев менен ИИМдин ошол кездеги башчысы Мелис Турганбаевге маселенин чоо-жайын иликтөөнү тапшырган.

Бул боюнча УКМК тарабынан кылмыш жаза кодексинин 350-беренесинин (Документ жасоо, даярдоо, пайдалануу) жана 204-1-беренесинин (Мыйзамсыз миграция уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0