Танк биатлону: жарым финалда Кыргызстан үч команда менен беттешет

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүү"Армия оюндары – 2016" мелдешинин "Биатлон" түрү боюнча кыргызстандык команда
Армия оюндары – 2016 мелдешинин Биатлон түрү боюнча кыргызстандык команда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин жарым финалы 9-11-август күндөрү өтөт.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. "Армия оюндары – 2016" мелдешинин "Биатлон" түрү боюнча кыргызстандык команда үч өлкөнүн командасы менен беттешет. Бул тууралуу Башкы штаб билдирди.

Кыргыз жоокерлери Россияда өтүп жаткан Танк биатлону-2016 жарышында - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз танкисттери Россияда өтүп жаткан аскер оюндарына катышууда
Эскерте кетсек, таймаш Москва алдындагы "Алабино" полигонунда өтүп жатат. Кыргызстандык команда буга чейин мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, жарым финалга чыккан.

Дүйшөмбү күнү өткөн чучу кулактын натыйжасында Кыргызстан Кытай, Ангола жана Армения менен беттеше турган болду.

Мындан тышкары, финалга чыгуу үчүн Россия, Казакстан, Индия жана Белоруссия командалары да күч сынашат. 

Мелдештин сайтында жарым финал беттешүүлөрү 9-11-август күндөрү, ал эми финал 13-августта өтөрү маалымдалат. Алгач сынакта 17 мамлекеттин танкисттери ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0