Актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган Адилет Акматов.

Каскадер Адилет Акматов: 50дөн ашык жаракат алып, өрттөнүп да кеткем

(жаңыланган 15:28 09.08.2016)
Ата мекендик жана көптөгөн чет элдик тасмаларда актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган сүрдүү жана сырдуу Адилет Акматовду журналист Гүлдана Талантбекова кепке тартты.

Ал бизди каскадерлор дүйнөсүнө жетеледи. Акматов белгиленген убактан эрте жардырып жиберишкенде, мойну чыгып кетип, колдор кырсылдап сынганда кандай абалда болгонун, ошондой эле актерлук менен каскадерлуктун сырларын айтып берди.

— Адилет мырза, кепти акыркы жаңылыктардан баштасак. Жакында эле россиялык таанымал актер Сергей Светлаков менен белгилүү бир уюлдук компаниянын ролигине тартылдыңыз?

— Биз былтыр жазында "Викинг" деген долбоорго Кыргызстандан 15, Казаксандан 30 киши тартылганбыз. Анын оператору менен жакшы мамиледе болуп калгам. Кийинчерээк Россиядан жарнама тарткан продакшн студиясы актерлерду издегенде, ал оператор бизди сунуштаптыр. Эки ай мурун каскадерлор уюмуна сунуш түштү. Топтун жетекиси Жайдарбек Кунгужинов роликке тартылууга мени үч балам менен жиберди. Сергей Светлаковдун трюк аткарган жеринде Игорь деген шакиртим дублер болду. Ал жактан эки күн даярданып, үчүнчү күнү тартылдык. Ал ортодо бош убакыттар көп болуп актерлор менен пикир алмашып, таанышканга шарт түзүлдү.

— Сизде бала кезден эле каскадерлуктун чымыны болсо керек, тамдан-тамга секирип, дубалдан шыпырылып түшүп дегендей?

— Мектепте окуп жүргөндө эле бул чөйрөгө аралаша турганымды билчүмүн. Ошондуктан өзүмө максат койгом. Эсимде, экинчи классымда буга кызыгып, ар кайсы жерден секирип да жүрдүм. 

— Мектепте окуп жүргөндө көп мушташчу белеңиз?

— Жок, тескерисинче. Азыр деле өзүм каскадер болгонум менен мушташтан алысмын. Конфликт болгон кырдаалда маселени муштум менен чечүүдөн качам. Азыр ойлосом акыркы жолу беш жыл мурун парктан мушташыптырмын. Анда деле катуу кеткен эмеспиз, бир аз жулмалашуу болгон.

Кыргызстанский каскадер и режиссер Адилет Акматов. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Адилет Акматов: өзүм каскадер болгонум менен мушташтан алысмын. Конфликт болгон кырдаалда маселени муштум менен чечүүдөн качам

— Анан каскадерлуктун даңгыр жолуна кантип түштүңүз? Атайын окуу, курстардан өттүңүз беле?

— Бизде атайын каскадерлуктун окуусу жок. Мектепте өзүм теңдүү балдар менен чогуу секирип, трюктарды жасап көрүп кийин жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин кыскача роликтерди тарта баштаганбыз. Ошол нерсенин аркасы менен аралашып калдык. 

— Атайын устаттан өнөр үйрөнгөнсүзбү?

— Жеки Чан мага устат болуп берди десем жаңылышпайм. Биздин учурда видео магнитофондор жаңы пайда болгон. Ошондо биринчи Жеки Чандын, көптөгөн Голиввуд актерлорунун трюктарын көрүп, катуу таасирленгем. Андан кийин өзүбүздүн кинолордон Үсөн Кудайбергенов агабыздын трюктарына кызыктым. Менин устатым болгон эмес. Баарын көрүп өзүм жасап үйрөндүм. 

— Бул деле спорттук чеберчиликти талап кылса керек?

— Мектепте окуп жүргөндө акробатика менен машыкчумун. Анын пайдасы каскадерлукта өтө маанилүү. Негизи ар кандай спорттун түрүн талап кылат. Альпинизмди өздөштүрүп алса андан да жакшы. 

— Казакстандагы айтылуу "Nomad" каскадерлор тобунда иштейт экенсиз. Ал жак менен иштөө сизге ыңгайлуубу?

— Мени менен чогуу Алматыда кыргызстандык ондон ашык бала расмий түрдө иштейт. Ал жактан бизге ири долбоор, картиналар болоордо кабар беришет. Ошого жараша убакытты караштырып барып келип иштейм. 

— Бизде дагы каскадерлордун уюму барбы, болсо абалы кандай?

— Бизде эми гана тасмалар байма-бай тартылып баштабадыбы. Бирок масштабдуу фильмдер тартыла элек. Анан бизде каскадерлор аралашкан тасмалар азыраак. Мындан "Курманжан датка" фильминде бир аз бул чеберчилик көрсөтүлдү. Анын үстүндө биздин сураган тыйынды бере алышпайт. Көбү ошондон качышса керек. Мурун каскадерлор көп сурайт экенсиңер деп айтышчу. Азыр, кудайга шүгүр, бизге түшүнүү менен мамиле кылып, эмгекти баалап калышты. Абалы жакшы буюрса, аракеттер бар. Бизде каскадерлордун үч-төрт тайпасы бар. 

Кыргызстанский каскадер и режиссер Адилет Акматов. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Адилет Акматов: мен жаш кезимде өзүмдү аябай эле тобокелге салчу экемин. Бирок тобокелчиликти ыңгайына карап колдонуу туура. Адамда коркуу сезими болбосо, ал олуттуу кырсыкка учурашы мүмкүн

— Каскадерлук менен жан бакса болобу?

— Кошумча жумушум жок. Кээде буйрутма аркылуу роликтерди тартабыз. Акыркы күндөрү трюктарды чанда эле аткарып, аларды коюучу болуп калдым. Негизи чет жактарга чыкканда жакшы эле төлөнөт. Ккаскадерлук менен үй-бүлөмдү багып жатам. Кудайга шүгүр.

— Биз кыргыздар тобокелчил болот эмеспизби. Каскадердукта бул сапатты колдонсоңуз керек?

— Мен жаш кезимде өзүмдү аябай эле тобокелге салчу экемин. Бирок тобокелчиликти ыңгайына карап колдонуу туура. Адамда коркуу сезими болбосо, ал олуттуу кырсыкка учурашы мүмкүн. Кээ бир кызуу кандуу жаштар "мен кылам" деп жулуна беришет. Башка каскадерлорго салыштырмалуу биз бир нерсени бат өздөштүрүп кетебиз. Бизде тобокелчиликтен мурун коркуу сезими жокко эсе да. Кылам деген нерсени кылат. 

— Каскадерлук кооптуу иш экени маалым. Сиз да анын кесепетин жон териңиз менен сезсеңиз керек?

— Кичинемде устатым жок болгондуктан өз алдымча үйрөнөм деп ар кандай трюктарды ийгиликсиз жасаганым үчүн сыныктар көп. Эсимде мойнум катуу сынган, ошону такыр унутпайм. Болжол менен 50дөн ашык жаракатым бар. "Кудай өзүң чоң сактадың" деген учурлар болгон. Бир жолу Россиянын "Гаишники" сериалын тартып жатканда ойдо жок жерден менде паника пайда болгон. Анткени экинчи кабаттан өрт чыкканга чейин секирмекмин. Мен башкаларга бутум чыккандан кийин жардыргыла дегем. Алар бутум эмес өзүм чыга электе жардырып жиберишишкенде от-жалын менен аралашып чыккам. Коркуп эч кимди карабай көл жакка чуркаганымда аркамдагылар кубалап барып, мени басып жыгылып өрттү өчүрүшкөн. Негизи күйүктөн сактоочу атайын каражаттар болот. Мен аларды колдонгон эмесмин. Сакалым, чачтарым, буттарым күйгөн. Ошондо өзүмдөн чоң тынчсызданууну сезгем. 

— Катуу жаракат алганда эмне жөнүндө ойлоносуз?

— Жаның кыйналганда биринчи эле "эмнеге каскадер болдум, башка жумуш калбай калгансып эмнеге бул кесипти тандадым экен" деген ой кетет. Кичине жакшы болгондон кийин кайра эле баягы… Себеби бул жашоо образы болуп калды. Негизи кесипкөйлүгүң жогорулаган сайын, жаракат албаганга аракет жасап калат экенсиң. 

— Сүрдүү көрүнөт экенсиз…

— Ошентип айтышат. Негизи аз сүйлөйм. Укканды жакшы көрөм. Чынын айтсам, журналисттерден да болушунча качам. Силерге деле кокусунан кармалып калдым(күлүп).

— Эмне жөнүндө кыялданасыз?

— Кыял деген нерсени мен ишке ашпай турган нерсе деп ойлойм. Кыял чексиз болуш керек жана анын түпкүрүндө ишке ашпай турганын түшүнүп жашашың керек. Мен мисалы космоско абдан кызыгам. Ал жакта бизден башка ким жана эмне бар болду экен деп ойлоном. 

— Анда сизди алдыда кандай максаттар күтүп турат?

— Бизде жаштар арасында таланттуулар абдан көп. Көбү мага устат болуңуз деп суранышат. Үйрөнөм дегендерге жардам берип турам. Буюрса ошолорго убакыт караштырып, мектеп ачсамбы деп ойлонуп жүрөм.

— Каскадерлук менен канча убакытка чейин алектенсе болот?

— Биздин арабызда алтымыштан өткөндөр бар. Дагы деле секирип жүрүшөт. Ошол эле учурда ушул курактан баштоо керек деген чек да жок.

Белгилер:
каскадер, тасма, кино, Адилет Акматов
Тема боюнча
Саймачы Алмаз Кожогулов: алгач кошуналардан жашынып жүрдүм
"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрүнө көрүнүш. Архивдик сүрөт

Бишкектин айрым бөлүгүндө электр жарыгы болбойт. График

(жаңыланган 17:53 20.04.2021)
Электр энергиясы баш калаанын көчөлөрүндө да, конуштарда да өчүрүлөт. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде, Бишкектин бир катар районунда электр энергиясы өчүрүлөт. Маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.

Бул күнү мекеменин кызматкерлери турак үйлөрдүн чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоп, бак-дарактарды бутайт.

График:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Токтоналиев көчөсүндөгү №320 үй жана Тынчтык конушунда;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Чүй жана Манас проспектилеринде, Калык Акиев көчөсүндө, Жаш гвардия, Фрунзе, Исанов, Мурманский көчө кесилиштеринде жана Балбан-Таймаш конушунда;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — №9 кичи райондогу №6 көп кабаттуу үйдө жана №10 кичи райондогу №21/1 үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Жибек жолу проспектисинде жана Тоголок Молдо көчөсүндө;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — №5 кичи районунун айрым бөлүгүндө (№2-5, 19/2, 19/3 үйлөрдө);
  • 9:40тан 18:00гө чейин — Гоголь көчөсүндөгү №92 үйдө жана Огонбаев көчөсүндөгү №222 үйдө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Бакай-Ата конушунун айрым бөлүгүндө (Алмамбет жана Бакай-Ата көчөлөрү);
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Аламедин-1 кичи районундагы №3 үйдө.
Белгилер:
оңдоо, өчүрүү, "Түндүк Электр" ишканасы, электр энергиясы, Бишкек
Тема боюнча
Эртең Бишкектин бир нече конушунда жарык өчүрүлөт. График
Төкмө акын Амантай Кутманалиев

Атама 20 жаштан өтүп жолуккам. Саргашка акын Амантай Кутманалиев менен маек

(жаңыланган 17:24 20.04.2021)
Бүгүн кыргыздын ак таңдай акындарынан жаштайынан сабак алып, аларды устат туткан Амантай Кутманалиевдин туулган күнү. КРдин эмгек сиңирген артисти мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган.

Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн куттуу жайга байлаган 52 жаштагы талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Сөздү балалыгыңыздан баштайлы. Атаңызды бой жеткенде гана көргөн экенсиз.

— Адамдын турмушу өйдө-ылдый, ар кандай болот. Биз боор көтөрө элек кезде атам менен апам эки башка жолго түшүп, өз-өзүнчө жашап калган. Мен 90-жылдардын башында эл алдына чыгып калганда атам мени телевизордон көрүп бир күнү филармонияга издеп келиптир. Ал кезде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап иштеп баштагам. Бир күнү режиссёр "Амантай, сага аябай окшош киши келиптир, атаң эле окшойт" деп айтып калды. Анан эшикке чуркап чыксам эле атам кучактап калды, көз жашы мойнуман ылдый агып койнума кирет десең... Аябай сагыныптыр. Экөөбүз ээрчишип алып жолдун аркы өйүзүндөгү ашканага барып тамактанып сүйлөшүп отурдук. Каякта турарымды сурап, "элге таанылып келе жатканда мени пайда болуп калды деп ойлобогун. Биздин санжыра, тарыхыбызды билип калсын деп ошолорду кеп кылганы атайы келдим" деди. Мен аталап эле аны жатаканага ээрчитип жөнөдүм. Ал кезде Элмирбек Иманалиев экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал айттырбай эле сыртка чыгып кетти. Атам узак убакыт көп нерсени сүйлөп отурду, мен болушунча көңүл буруп укканга аракет кылдым. "Балам, акты-көктү билип калдың, Эстебес Турсуналиевдей залкарларды атадай көрүп этегин кармап, чачбагын көтөрүп ээрчип жүргөнүң жакшы. Биздин тукумда жамакчылык, ырчылык өнөр болгон. Чоң атаң Кутманалы комузу жок эле той-топурларда жар чакырып ырдачу" деп айткан эле.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган

— Ошондо канча жыл такыр көрүшпөй жүрүп жолугуп жатасыздар?

— Апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да. Себеби кичинекей кезимде атама өзгөчө жакын экенмин. Биз жолукканда атам 62 жашта болчу. Анда атам "апаңа кайра чогуу эле турмуш улайлы деп канча жолу бардым, бирок макул болбой койду" дегени эсимде. Филармониядан жолукканга чейин атамды 2-3-класста көргөм. Кийин мага латын арибинде ыр түрүндө кат жазып да жүрдү, ал каттары азыркыга чейин сакталып жүрөт.

Филармонияда кезиккен соң көпкө чейин амандаша албай, таштап кеткен дарегине бара албай жүргөм. Бир күнү кайтыш болуп калганын филармонияда иштегендер угузушту. Атамдын байбичесинин улуу баласы менен сүйлөшүп, ага атамды өзүмдүн айылыма алып барып жерге береримди шак эле айттым. Андан соң эмне кыларымды билбей апама чалып угузуп, ал кишини көндүрүш үчүн "атамды Кара-Балтада акыркы сапарга узаталы деп жатышкан экен. Анан мен өзүм акын болом деп жүрсөм, кийин бир акын менен айтышып жатканда "сенин атаңдын сөөгү талаада калган" десе мен эмне кылам деп апамды эптеп көндүргөм. Атамды Таласка айылга алып барып жерге берип, аксакалдардын алкоо сөздөрүн уккам.

— Апаңыз дагы акылман жан экен да...

— Апам атамдын экинчи аялы эле. Биринчи жубайынан бала көрбөгөндүктөн күйөөсү каза болуп төрт баласы менен калган апама жолугуп баш кошкон. Экөө кийин бала-бакыралуу болуп жашап жүрүп, эки башка жолго түшкөн экен. Ошентип апам жалгыз тогуз баланы чоңойтуп өстүрдү. Ал кишинин акылмандыгынан эки атанын балдары болгонубузга карабай ынтымактуу, бири-бирибизге жаман сөз айтпай эрезеге жеттик.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да

— Биринчи устатыңыз ак таңдай акын Эстебес Турсуналиев, айылда ал кишинин көзүнө кантип илинип калдыңыз эле?

— Биздин айылга Эстебес Турсуналиев концерт коюп барып, менин чымынымды байкап филармонияга чакырган. Эстекем дегенде бүт айыл клубга түп көтөрүлө барчу. Мен ал кезде комуз билчү эмесмин. Концерт бүткөндөн кийин мени сахнанын артындагы бөлмөгө агам жетелеп барды. Устатым ырда деди, мен адатымча эле көзүмдү жумуп алып ырдап кирдим. Соңунда төкмө акын "мына бул балаңарды сөзсүз борборго алып келгиле, бирдемеси бар экен. Армияга чакырып кетсе ысык-суукта үнү, ою өзгөрүп кетиши мүмкүн, сөзсүз алып баргыла" деп айылдын клубуна табыштап кеткен. 1987-жылдын аяк ченинде Фрунзеге келип шак эле филармонияга жумушка алынгам. Ал жылдары улуу муундун өкүлдөрү Замирбек Үсөнбаевден кийин эл арасынан жамактап, оюнан чыгарып ырдаган балдар чыгабы деп караштырып жүрүшкөн экен.

— Айылдагы мектепти бүтүп эле 18 жашыңызда филармонияга келип, куттуу жерге өмүрүңүздү байлап койгон экенсиз да?

— Филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган мен элемин. Жаш акындар жок болуп, Эстекем шак эле штатка киргизип койгон. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттай берчүбүз. Өзбекстандагы, Тажикстандагы кыргыздарга чейин барчубуз. Менимче, акын, ырчы көбүнчө ошондой сапарларда, эл арасында жүргөндө такшалып, чери да жазылат. Алыстан автобус менен борборго жакындап калганда элдин баары сүйүнчү, менин Фрунзеде там-ташым деле болбогондуктан кайра аймактарга кетип калгым келчү. Жалпы 35 жылга чукул бул жакта иштеп келем, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашап жүрдүм. Ошол жылдары Жаңыл Абдрахманова деген жеңең менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөндүк. Азыр ортобузда Эмир, Байтур деген эки уулубуз бар.

— Башкаларга салыштырмалуу улуу муундагы залкар акындар менен сиз көп иштешип калдыңыз. Алардан алганыңызды кийинки муунга өткөрүү вазийпасы мойнуңузда болсо керек?

— Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам. Алар бизге "балдар, силердин оозуңарга ыр салып бере албайбыз, өзүңөрдүн ары жагыңарда бир нерсе болуш керек. Бизден ырдоо манераны, акындык обондорду, тарых, санжыраны гана ала аласыңар. Шакирти устатына аябай окшош болбошу керек. Сабак алган адамдарынын көлөкөсүндө калып калат. Бир эле адамды устат катары көрүү туура эмес" деп калышчу. Биз ошол залкарлардан үйрөнгөнүбүздү азыр колдон келишинче жаштарга берип жатабыз. Азыр арабызга таланттуу жаштардын кошулуп жатканына абдан сүйүнөм. Бүгүнкү күндө 30-40тай акын бар. Ар бири өзүнүн орду, салмагы, табылгасы менен айырмаланып турат. Мен филармонияга жаңы келгенде төрт эле төкмө калды, ошолор менен бул өнөр токтоп калабы деген сөздөр жүрчү.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам

— Кесиптик ишмердүүлүк же чыгармачылыкта сөзсүз изденүү талап кылынат. Сиздер кантип изденесиздер?

— Изденүү — жашоонун бир бөлүгү. Ал токтоп калса адам муздап, жашоого көңүлү тартпай калат. Токтоп калган суудай болуп сасып, бака чардаган көлчүккө айланат.

— Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган элеңиз. Эл артистин алганга убакыт келип калган экен да?

— Сыйлыкты берсе алып, бербесе эч качан кейибеш керек. Анткени сыйлык чыгармачылыкка абдан чоң таасир бере албайт, балким, дем-күч болор. Менимче, сыйлык бергенде адамды өкмөт расмий тааныды деп билсек болот. Анан сыйлык руханий эмес, материалдык нерсе. Эң негизгиси, туура ыйгарылып, аны татыктуулар алганы жакшы. Мен деле эл артисти болгонго жарап калдым окшойт.

Белгилер:
маек, төкмө акын, Амантай Кутманалиев
Тема боюнча
Ашыраалы Айталиевдин небереси: чоң атам футбол, бильярд ойночу, романтик эле
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек