Ошто таштандыдан табылган ымыркайдын энеси боюнан алдырганын айтты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИБдин маалыматы боюнча оорукананын кызматкери баланын сөөгүн атайын сактоо жайына эмес, таштандыга таштап салган

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы таштандыдан табылган ымыркайдын апасы эмне үчүн мындай кадамга барганы боюнча анын түшүндүрмөсүн таратты.

Буга чейин милиция таштандыдан табылган ымыркай ара төрөлгөнүн билдирген. Эми 22 жаштагы кыз ооруканадан боюнан алдырганы маалым болду. 

"Ал күйөөгө тийбей туруп боюнда болуп калгандыктан беш айлык баласын боюнан алдырууну чечкенин айтты. Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн бири кыздын каалоосу менен аборт жасаган", — деп ИИБден билдиришти.

ИИБдин маалыматы боюнча оорукананын кызматкери баланын сөөгүн атайын сактоо жайына эмес, таштандыга таштап салган. Тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстандагы бойдон алдыруу, анын саны тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0