Улуу Ата мекендик согуштун ардагери аз камсыз үй-бүлөлөргө 1 млн. сом бөлүп берет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУлуу Ата мекендик согуштун ардагери. Архив
Улуу Ата мекендик согуштун ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата мекендик согушта бутунан айрылган 93 жаштагы ардагер өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, муктаж адамдарга дагы жардам берүүгө жетишип жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Сейтек" балдар борборунда Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовдун кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. 

Facebook социалдык тармагынын Help the Children-SKD фондунун бетинен тартылган кадр. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жети жашар жеткинчек чогулткан тыйынын рак менен ооруган балдарга берди
Пенсия курагындагы ардагер Чүй облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө бир миллион сом бөлүп берери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кызы Майрамкүл Урманбетова билдирди. 

Урманбетов 2004-жылы муктаж адамдарга колдоо көрсөткөн "Ак жол" фондун түзгөн. Ардагер жазуучулук менен алектенип, андан тапкан каражатын дагы кайрымдуулукка жумшап келет. 

Кызы Майрамкүлдүн айтымында, бир миллион сомду ардагер 2007-жылдан бери топтоп келген. 

"Атамдын башынан көп нерсе өткөн. Ошон үчүн элге жардам берип келет. Анын бир буту жок. Өзү 93 жашта. Ал тапкан акчасын кайрымдуулукка жумшап келет", — деп билдирди Урманбетова.

Бир миллион сом Бишкек шаарындагы төрт райондун муктаж тургундарына таркатылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0