Ысык-Атада "Талаа күнү" өткөрүлүп, дыйкандар үрөн тандоону үйрөнүштү

Жазылуу
Фермерлер үрөндөн сырткары, заманбап айыл-чарба техникасы менен таанышты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Ысык-Ата районунда "Талаа күнүн" өткөргөнүн аталган министрлик билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты дыйкандар арасында тажрыйба алмашууну уюштуруп, үрөн тандоо ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат. 

"Эки жылдан бери Ысык Ата районунда жүгөрүнүн үч түрдүү үрөнү өстүрүлүп жатат. Ар бир түрү ар кандай убакта жетилет. Мисалы, бири 105-110 күндө, экинчиси 118-120 күндө, ал эми үчүнчүсү 126-127 күндө даяр болот. Жүгөрүнү кандай өстүрүш керек, үрөндү кандай тандап алуу керек деген суроолорго бүгүнкү семинардын катышуучулары, аймактардан келген дыйкан-фермерлер кенен маалымат ала алышты", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, Ростсельмаш компаниясынын айыл чарба техникалары, Кытайдын YTO компаниясынын тракторлору дыйкандарга көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0