Көл жээгиндеги таштандылар үчүн Тоң районунун акимине эскертүү берилди

Жазылуу
Тоң райондук администрациясынын жетекчиси маселе бир апта ичинде чечилерин убадалады.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандылар үчүн Тоң районунун акими Улан Эсенгул уулуна эскертүү берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. 

Буга чейин Ысык-Көл облусунун башчысы Асхат Акибаев Тоң районундагы бир канча объектилерди текшерүүгө алган. 

"Силер өз аймактарыңарда туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүңөр керек. Учурда таштандылар алынбай жатат. Бул жаман көрүнүш. Эс алуучулар унааларын каалаган жерге токтотуп жатышат. Жол белгилерин орнотуп, унаа токтотуучу жайларды уюштургула", — деди Акибаев. 

Өз кезегинде Тоң районунун акими коюлган тапшырмалар бир апта ичинде чечилерин билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0