Сариева: жеке провайдерлер мектептерди Интернетке кошуудан баш тартты

© Sputnik / Антон Уницын / Медиабанкка өтүүМектеп классы. Архив
Мектеп классы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министри Facebook баракчасына мектептерди интернетке кошуу боюнча тендерге "Кыргызтелеком" ишканасы гана катышканын жазып чыкты.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Facebook баракчасына мектептерди интернетке кошуу боюнча тендерге "Кыргызтелеком" ишканасы гана катышканын жазып чыкты.

Билим берүү жана илим министрлигине бюджеттен 163 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Аталган каражатка өлкө аймагындагы 600 мектепти интернетке кошуу үчүн тендер жарыяланган. Анткен менен бул жаатта бир топ кыйынчылыктар жаралган. 

"Жыл башында эле провайдерлер алыскы мектептерге интернет жеткирүү кыйынчылык жаратарын айтып чыгышкан. Биздин талап боюнча интернеттин ылдамдыгы өлкө ичинде 10 мбит/сек, ал эми чет элдик сайттарга 2 мбит/сек болушу керек. Ооба, "Кыргызтелеком" аталган акчанын жардамы менен жаңы желелерди тартышы мүмкүн", — деп жазат министр. 

Ал жеке менчик провайдерлер мамлекет менен чогуу кызматташууга кызыкдар эмес деген ойдо. 

Жаңылыктар түрмөгү
0