Ош облусунун электр тармагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдарын оңдоо иштери. Архив
Электр зымдарын оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чарага ылайык, дээрлик бардык подстанциялар ремонттолот.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. "Кыргызстандын улуттук электр тармагынын" Ош облусундагы филиалы жогорку вольттогу подстанцияларды жаңылап жатат. Бул тууралуу аталган ишкана билдирди. 

Бул кадам кыш мезгилине карата даярдык иретинде жүрүп жатат. 

"План боюнча 7 ай ичинде 4 подстанцияда, 274 даана жабдуулар жана жогорку кубаттагы трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, 620,8 чакырымга созулган 33 подстанциядагы электр чубалгылар да оңдолду. 

Аталган кадамдар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 2017-жылы бүткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0