Бишкектин жанынан табылган уулуу заттар салынган челектин чоо-жайы

© Фото / пресс-служба ГосэкотехинспекцииНово-Павловка айылында батылган уулуу заттар салынган челектер
Ново-Павловка айылында батылган уулуу заттар салынган челектер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ново-Павловка айылында 23 челек табылган жер курчоого алынып, учурда атайын адистер иштеп жатат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мамлекеттик бир нече органдардын адистери Ново-Павловка айылында ичинде уулуу заттар салынган челектердин ичинде эмне бар экендигин жана кайдан келгендигин иликтеп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аппарат жетекчиси Максат Өмүров билдирди.

© Фото / пресс-служба ГосэкотехинспекцииКечээ Бишкектен 10 чакырымдай аралыкта жайгашкан айылда 200 литрлик челектер табылган.
Кечээ Бишкектен 10 чакырымдай аралыкта жайгашкан айылда 200 литрлик челектер табылган. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кечээ Бишкектен 10 чакырымдай аралыкта жайгашкан айылда 200 литрлик челектер табылган.
© Фото / пресс-служба ГосэкотехинспекцииАнын айланасында чачылып жаткан бош желим баштыктардын сыртында бул заттын адамдын өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө кооптуу экендиги жазылган.
Анын айланасында чачылып жаткан бош желим баштыктардын сыртында бул заттын адамдын өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө кооптуу экендиги жазылган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын айланасында чачылып жаткан бош желим баштыктардын сыртында бул заттын адамдын өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө кооптуу экендиги жазылган.
© Фото / пресс-служба ГосэкотехинспекцииМамлекеттик инспекциянын аппарат жетекчиси Максат Өмүров ал аймак коопсуздук үчүн курчоого алынгандыгын билдирди.
Мамлекеттик инспекциянын аппарат жетекчиси Максат Өмүров ал аймак коопсуздук үчүн курчоого алынгандыгын билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мамлекеттик инспекциянын аппарат жетекчиси Максат Өмүров ал аймак коопсуздук үчүн курчоого алынгандыгын билдирди.
1/3
Кечээ Бишкектен 10 чакырымдай аралыкта жайгашкан айылда 200 литрлик челектер табылган.
2/3
Анын айланасында чачылып жаткан бош желим баштыктардын сыртында бул заттын адамдын өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө кооптуу экендиги жазылган.
3/3
Мамлекеттик инспекциянын аппарат жетекчиси Максат Өмүров ал аймак коопсуздук үчүн курчоого алынгандыгын билдирди.

Кечээ Бишкектен 10 чакырымдай аралыкта жайгашкан айылда 200 литрлик челектер табылган. Анын айланасында чачылып жаткан бош желим баштыктардын сыртында бул заттын адамдын өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө кооптуу экендиги жазылган. 

Өмүров ал аймак коопсуздук үчүн курчоого алынгандыгын билдирди.

"Чет тилде бул заттар адамдын өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө кооптуу экендиги жазылган. Учурда алардын канчалык кооптуу экендигин тактоо иштери жүрүп жатат. Бул үчүн ӨКМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат", — деди ал.

Өмүровдун айтымында, аталган жерден 23 челек табылган. Ичинен дат басып кеткен челектин бирөөсүн карай келгенде ичинен кара чайырга окшогон зат чыккан. 

"Башкаларынан үбөлөнгөн ак заттар чыкты. Бул эми сырттан караганда көрүнгөндөрү. Баштапкы документтерди бир нече ведомстволорго жөнөттүк", — деди Өмүров.

ӨКМдин маалымат кызматынан ал жерге абалды билүү үчүн бир нече кызматкер чыгып кеткенин билдиришти.

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов ведомство иликтөө иштерин баштагандыгын, ал жерде иликтөөчү ыкчам топ күбөлөр менен көргөн-билгендерди издеп жаткандыгын айтты.

"Азырынча бул челектерди ким калтырып кеткендиги боюнча маалыматтар жок. Кечке чейин белгилүү болуп калса керек", — деп кошумчалады ал.

Үч ведомство тең челектердин айылдан чыгарылганын, экспертиза дайындалган-дайындалбаганын тактап бере алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0