ӨКМ: Чолпон-Атадагы суу каптоого тургундардын арык каздырбай коюшу себеп болду

Жазылуу
Учурда окуя болгон жерде 20 куткаруучу иштеп жатат. Буга чейин кырсыктын кесепеттерин жоюуга 30-40 киши тартылганы айтылган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чолпон-Атада турак жайлар менен имараттарды суу каптап кетишине жергиликтүү бийлик менен шаар тургундары себепчи экенин билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал катуу жаан жаап, суу борбордук жол менен бир катар үйдүн короо-жайын каптап кеткен.

"Мындай кырдаал жергиликтүү бийликтин өз убагында арык казбай койгону жана шаар жашоочуларынын каздырбай койгонунан улам келип чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда окуя болгон жерде 20 куткаруучу иштеп жатат. Буга чейин кырсыктын кесепеттерин жоюуга 30-40 киши тартылганы айтылган. 

Ал эми Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев арыктар өз убагында тазаланбагандыктан кооптуу абал түзүлгөнүн белгилеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0