Ысык-Көлдүн өзгөчөлүгү: ортосундагы суунун деңгээли жээкке караганда төмөн

Жазылуу
Франциялык экспедициянын мүчөлөрү маселенин төркүнү гравитациялык аномалияда деп айтышты.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Россия 24" телеканалы Ысык-Көлдүн ортосунда суунун деңгээли эмне үчүн жээкке караганда 2,5 метрге төмөн экендигин иликтеди. 

Канал бул туура эмес жагдайбы же көзгө ошондой көрүнөбү деген суроону такташ үчүн атайын топту жиберген.

"Көзгө бардыгы тегиз болуп көрүнгөнү менен, акыркы изилдөөлөр андай эместигин көрсөттү. Көлдүн ортосундагы суунун деңгээли жээкке караганда 2,5 метрге төмөн экендигин франциялык окумуштуу Жан-Луи Кретонун экспедициясы тастыктады. GPS-навигациянын жана спутник аркылуу изилдөөнүн жардамы менен суунун деңгээлинин картасы түзүлгөн",— деп билдирди телеканал.

Ысык-көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уламыш: Ысык-Көлдүн түбүндө армяндар эмне байлык катып кетишкен
Өмүрүн Ысык-Көлдү изилдөөгө арнаган окумуштуу Андрей Корженков кептин баары гравитациялык аномалияга байланыштуу деп эсептейт. 

Көлдүн аймагынан борпоң жумшак катмарды пайда кылган туура эмес рельеф табылган. Аны менен катар эле көл ондогон чакырым төмөнгө кеткен байыркы тектерден куралган тоо кыркалары менен курчалган. Мындай көрүнүштүн себеби, граниттик жер катмарлары болушу мүмкүн деп айткан окумуштуу Корженков "Россия 24" каналына. 

"Көлдүн ортосунун тереңдиги 700 метр. Ысык-Көлдүн деңгээли ортосун карай, тагыраагы ошол борпоң катмарды көздөй кеткенде төмөндөп отурат. Мында таңгала тургандай эч кандай деле нерсе жок, бул кадыресе эле көрүнүш",— деди окумуштуу.

Телеканал мындай жерлер дүйнөнүн башка дагы аймактарында кездешерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0