Исхак Масалиев: СССР убагында эл эртеңкисине кабатыр болчу эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКоммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев. Архивное фото
Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев СССР убагындагы жашоо менен азыркы жашоонун айырмасы чоң деген пикирде.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Азыркыга караганда СССР убагында жашоо шарт жакшы болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев билдирди. 

Быйыл СССРдин ураганына туура 25 жыл болот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сурамжылоосуна ылайык, 35 жаштан жогорку курактагылардын 60 пайызы СССР доорунда жашоо жакшы эле десе, 25 жашка чейинки курактагылардын 48 пайызы азаркы жашоону СССР дооруна алмашпай турганын айткан. 

"СССРде эң башкысы социалдык коргоо деген бар эле. Жарандар акысыз билим, медициналык жардам алышчу. Ал эми жаш адистер үй, жумуш менен камсыз болушкан. 35 жаштан жогорку курактагыларын көбү эле СССРдеги жашоону мактаары бышык. Азыр жаныңды карч уруп иштөө керек", — деди депутат. 

Ал СССРдин тарашы менен кыргыз тили менен тарыхка көңүл бөлүнө баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0