Боомдо дем алыш күндөрү таш кулатылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек - Ысык-Көл унаа жолу. Архив
Бишкек - Ысык-Көл унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капчыгайдагы таш кулатуу иштеринен улам жол иш күндөрү айрым бир убакытка жабылып келген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Боом капчыгайында ишемби, жекшемби күндөрү жол ачык болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Боом капчыгайында ураган таштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынбай таш кулаган Боом: жамгыр төктү, эч басылбай… же күнөө кимде?
Мекеме бул күндөрү таш кулатуу иштери болбой турганын белгиледи.

Буга чейин аталган министрлик 16-25-август күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таш кулатыларын билдирип, иш күндөрү айрым бир убакытка жол жабылып келген. Тазалоо учурунда унаалар жолдун бир тилкеси менен өткөрүлүп турган. 

Эскерте кетсек, акыркы убакта Боом капчыгайында таш кулаган учурлар көп катталды. 30-июль күнү 11 жүргүнчүсү менен келаткан унааны басып калып, бир адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0