ШИИБ: милиция кызматкерлери сойкукананы аныктоо үчүн ага "кардар" болду

© AFP / VALERY HACHEКыска юбка кийген кыз. Архив
Кыска юбка кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери кардар иретинде 40-45 жаштагы аял менен сүйлөшүп, бир кыздын көрсөткөн кызматы үчүн саатына 500 сом төлөй турганын ачыктаган.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкектин Кулиев көчөсүндө денесин сатып иштеген кыздардын жайы аныкталганын шаардык ИИБ билдирди.

Снайперлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар
Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, Гүлбайрам аттуу аял өз үйүндө интим кызмат көрсөтүүчү жай уюштуруп алганын айткан. Укук коргоо органдары көрсөтүлгөн мейманкананы аныкташкан.

Милиция кызматкерлери кардар иретинде 40-45 жаштагы аял менен сүйлөшүп, бир кыздын көрсөткөн кызматы үчүн саатына 500 сом төлөй турганын ачыктаган. 

Бул факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин (жашы жете элек өспүрүмдөрдү порнографиялык мүнөздөгү материалдарды даярдоого, порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышууга тартуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда аталган жайдын ээси менен администратору кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0