Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 500дөн ашык журналист чагылдырат

Жазылуу
Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышуу үчүн 35 мамлекет билдирме жөнөттү.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) чагылдыруу үчүн 487 журналист аккредитациядан өттү. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгы билдирди. 

Алардын ичинен 264тү жергиликтүү журналисттер болсо, 223ү эл аралык журналисттер. Бул 90 басылма жана 35 телеканалдын өкүлдөрү болуп саналат.

"Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Австралия, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Улуу Британия, Германия, Грузия, Тажикстан, Казакстан, Швеция, Малайзия, Молдова, Россия, Нидерланд, Канада, АКШ, Израиль, Иран, Италия, Литва, Түркия, Түркмөнстан, Япония, Кытай, Франция, Эстония, Чехия, Венгрия, Польша, Румыния, Украина, Катар жана Түштүк Кореянын журналисттери чагылдырат", — деп айтылат маалыматта. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0