Зыяратчылар. Архив

Кыргызстандан баргандардын Меккеге зыяраты башталды

134
Кыргызстандык зыяратчыларды Медина-Мекке багыты боюнча мурда келишим түзүлгөн Сауд аравиялык фирма ыңгайлуу жана салкын автобустар менен ташууда.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Медина калаасына Бишкек шаарынан келген зыяратчылар кечээ, 20-августта ыйык Мекке шаарына келишти, 2-тобу бүгүн Мекке шаарына сапар алмакчы. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев кабарлады.

Кыргызстандан Меккеге аттангандардын алгачкы тобу 17-август күнү таңда Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан учуп кеткен. 

Маалыматтарда Мекке шаарына келген 300 кыргызстандык мейманканалардан орун алып, жайгашкан. Бул боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын өкүлдөрү жана ажы башчылар иштеп жатат.

"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Аравия падышачылыгында ажыларды автобустар менен камсыз кылуучу Рабита Макка фирмасы менен келишим түзгөн. Учурда Медина-Мекке багыты боюнча автобустар иштеп баштады. Бул ажылык сапарга келген жарандар үчүн түзүлгөн быйылкы ыңгайлуу шарттардын бири болду", — деп билдирди муфтияттын кызматкери Максат Атабаев.

Атабаев автобуста зыяратчылар үчүн бардык шарттар каралгандыгын, башкысы алар ысыктан кыйналбай тургандыгын кошумчалады.

Кыргызстандыктардын Медина шаарындагы 2-тобу эртең, 21-августа Мекке шаарына сапар алмакчы. 

Ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет. 

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар. 

134
Белгилер:
Мекке, Максат Атабаев, ажылык сапар, зыярат
Тема:
Ажылык — 2016 (52)
Тема боюнча
Эртең таңда өлкөнүн түштүк аймагынан ажыга аба каттамдары башталат
Ажылык сапарга барчу кыргызстандыктар электрондук билерик тагынышат

Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү

32
(жаңыланган 20:01 16.10.2021)
Ар апта сайын Sputnik Кыргызстан колдон алынган автоунаалардын баасы тууралуу маалымат берет. Бул жолкусунда эл оозундагы жолтандабас менен кроссоверлердин наркына баам салдык.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы

Өтүмдүү автоунаалардын алдыңкы ондугуна төмөнкүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Инфографикада жылы жаңы автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Биз сатуучулар сураган баанын орточо ченин беребиз. Демек, баа дал ушундай деп айтууга болбойт.

Тизмедеги автолордун басымдуу бөлүгү орточо 200-1500 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser жана башка.

Ал эми Volkswagen Touareg менен Toyota RAV4 орточо 200-500 долларга арзандаган.

32
Белгилер:
автоунаа, базар, баалар, соода
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров VII дүйнөлүк конгрессте сөз сүйлөө учурунда

Россия Кыргызстанда 9 мектеп ачуу ниетинде. Мекендештер конгрессинин мүдөөсү

45
Россия жакынкы чет өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүүгө умтулабы? Аталган мамлекет дүйнөнүн булуң-бурчунан мекендештерин топтоп, VII дүйнөлүк конгресс өткөрдү.

Данара Курманова

Москвада өткөн бул иш-чарага 100 мамлекеттен, анын ичинен жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештерден жалпы 400 делегат катышты.

Постсоветтик өлкөлөрдөгү россиялыктар кандай жеңилдиктерди алышат, россиялык окуу жайларга квоталар дагы канчага көбөйтүлөт? Эмнеге Россия бөлөк улуттардын өкүлдөрүн да мекендеш санайт? Булар туурасында Sputnik агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Россия өз мекендештеринин катары бир нече топтогу адамдарды: Россиянын чегинен тыш жашаган жарандары, аталган өлкө аймагында жашагандардын урпактары, ошондой эле тарыхый жактан РФ территориясында жашаган калктын өкүлдөрүн кошот.

"Россия — көп улуттуу жана көп конфессиялуу өлкө, — деди россиялык мекендештердин VII дүйнөлүк конгрессин ачкан РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров. — Эл, маданият жана диндерди жанаша жашатуу тажрыйбабыз өзгөчө".

Ар кыл дин жана маданият өкүлдөрүнүн бардыгынын башын кошкон башат орус тили экенин билдирди Лавров.

РФ Федерациялар кеңешинин спикери Валентина Матвиенко да конгресстеги сөзүндө катышуучулардын улутуна эмес, тилге басым жасады.

"Пандемиянын эң катаал маалында сиздер оор акыбалга кабылган жарандарыбызга кол сунуп, жардамдаштыңыздар. Сиздерге таянууга болот", - деп кайрылды Матвиенко жакынкы чет өлкөлөрдүн тургундарына. Ошондой эле "көп улуттуу дүйнөнү" түзүп турган дал ошолор экенин кошумчалады.

Тоскоолдуктарды азайтуу

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров белгилегендей, соңку 20 жылда Россия мекендештери менен "негизги милдетти – көп улуттуу орус дүйнөсүн түптөөнү" жүзөгө ашыра алды. Анын пикиринде, буга көбүнесе россиялык мекендештердин укук жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндөгү жобонун РФ Конституциясына киргизилиши өбөлгө болду.

"Бул укуктук нормалар тагдырдын жазмышы менен мекенинен бөлөк жерди байырлап калгандарга карата мамлекеттик саясатты жакшыртууга жол ачат", - деп белгилейт Лавров.

Мекендештери менен байма-бай жолугушуулар россиялык бийликке РФ жарандыгын алуу жол-жобосун жеңилдетүүгө көмөкчү болгонун айтат Россия Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Валентина Казакова.

"Үч жыл аралыгында бир топ иш аткарылды, — дейт Казакова. – Азыр өз жарандыгынан чыкканын тастыктоонун зарылдыгы жок. Казакстан, Молдова, Беларусь жана Украинада жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандыкка ээ боло алышат".

Быйыл май айында Россиянын сырттагы мекендештерин көчүрүү боюнча мамлекеттик программасынын миллионунчу катышуучусу болуп казакстандык жаран аныкталганын маалымдайт Валентина Казакова.

"Кесиби медик, абдан мыкты жигит. Пандемия башталган күндөн тарта "кызыл" зонада иштеп, биздин жарандарга илдетти жеңүүгө жардамдашты, - деп баяндайт ал. – Бүгүнкү күндө Россия аймагында 7 млн. чет өлкөлүк бар, алардын көпчүлүгү – биздин мекендештер. Ички иштер министрлиги алардын РФ жарандыгын алууга жолтоо болгон административдик тоскоолдуктарды азайтууну өз милдети катары санайт".

Квоталар көбөйтүлөт

Сырттагы россиялыктардын биринчи толкуну — Советтер Союзу ыдыраганын көрүп калган адамдар. Бирок ушул тапта Россия жаш муунга да чоң көңүл бөлүүгө тийиш деп эсептейт РФ Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий.

"1989-90-жылдары дүйнөдө 350 миллиондон ашуун адам орус тилинде сүйлөчү. Азыр 270 миллион, — дейт ал. — 30 жылда, тарыхый масштабдагы бул арзыбаган мезгил бөлүгүндө, 80 миллионго азайган! Жакында эле Бишкекте Чехов атындагы мектеп ачылса, бир топ өлкөлөрдө жүздөгөн мектеп жабылды. Ошондуктан билим берүү — биз үчүн маанилүү милдет".

Келерки жылы Россия 5 мектепти пайдаланууга берет. Ар бири 1200дүн тегерегинде окуучу кабыл аларын РФ агартуу министринин орун басары Андрей Корнеев билдирди.

Анын айтымында, Россия жаңы форматтагы мектептерди түзөт, аларда россиялык стандарттарда окутулганы менен улуттук компоненттерге (улуттук тил жана тарыхты окутуу) интеграцияланган. Мындай мектептердин бири Түркмөнстанда бар. Дагы 9 билим уясын Кыргызстанда ачуу пландалган.

Россия мектептердин санын гана арттырбастан, өз университеттеринде акысыз билим берүү үчүн квоталык орундардын санын да көбөйтүп жатканын кошумчалайт РФтин илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Дмитрий Афанасьев.

Келерки окуу жылында квоталардын саны 23 миң орунду түзөт, ал эми 2023-жылы – 30 миңге чыгат.

"17 өлкөдө россиялык жогорку билим берүү мекемелеринин 40 филиалы бар, - дейт Афанасьев. – Аларда жалпы 17 миң студент окуйт. Ал эми Армения, Тажикстан, Кыргызстан жана Беларуста эки жакка баш ийген уюмдар (Россия да, жайгашкан мамлекет тарабынан да көзөмөлдөнгөн славян университеттери – Sputnik ред.) иштейт".

45
Белгилер:
Россия, конгресс, мекендештер, СССР, мектеп, орус тили
Тема боюнча
Лавров: Россия союздаш мамлекеттерге орус тилдүү мектептерди ачууга кызыкдар
Методист: Россияда мигранттардын балдары орус тилин 2-3 жылда өздөштүрөт