Кыргызстандын делегациясы Рио олимпиадасында. Архив

Риодогу олимпиаданын жабылышында КР туусун Айсулуу Тыныбекова көтөрүп өтөт

296
(жаңыланган 22:22 21.08.2016)
Бул оюндарда Кыргызстандын байге капчыгына бир да медаль түшкөн жок.

БИШКЕК, 21-вг. — Sputnik. Рио шаарында өтүп жаткан XXXI Олимпиаданын жабылышында Кыргызстандын туусун Азия чемпиону, Рио олимпиадасында 5-орунду ээлеген балбан кыз Айсулуу Тыныбекова көтөрүп өтөт. Бул тууралуу Риодон делегациянын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан XXXI Олимпиаданын жабылыш салтанаты 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча 20.00дө, ал эми Бишкек убактысы боюнча 22-августка оогон таңкы 5.00дө башталат. 

Андагы жабылуу аземинде Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн катарында болгон Кыргызстандын желегин Азия чемпиону, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча коло медаль үчүн таймашып, 5-орунду ээлеген спортчу Айсулуу Тыныбекова көтөрүп өтөт.

Бул оюндарда Кыргызстандын байге капчыгына бир да медаль түшкөн жок. Оор атлетчи Иззат Артыков алып келген коло медалды спортчу кызытма колдонгон деген кине менен Спорттук арбитраждык сот кайра алып койду.

Ал эми желек көтөрүп өтө турган спортчу кыз Тыныбекова коло медаль үчүн болгон таймашта артыкчылык кылып келе жатып, акыркы секундаларда жеңилип калган.

Рио Олимпиадасына Кыргызстандан 19 спортчу аттанып кеткен. 

Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>

296
Белгилер:
желек, олимпиада, Айсулуу Тыныбекова, Рио-де-Жанейро
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Аялдын сырттаны Айсулуу: соцтармактын күйүүсү менен сүйүүсү
Айсулуу Тыныбекова жарым финалда утулду, эми коло медаль үчүн күрөшөт
Айсулуу дүйнөнүн вице-чемпионун 14:7 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Мурда милиционерди өлтүргөн кылмышкер эки адамды атууга шектелип кармалды

25
(жаңыланган 11:56 05.12.2020)
Кармалган жаран буга чейин милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн соттолуп абакта 11 жыл отуруп, былтыр эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгон. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. 

В Жайыльском районе по подозрению в хулиганстве задержан член ОПГ, ранее судимый за убийство милиционера
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Андан башка дагы бир 22 жаштагы жаран ошол эле кафеде ок жегенин айтып милицияга арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен КЖБРге катталган.

"Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видеобайкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Андан соң ал кармалып Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барганы белгиленет.

Азыркы тапта тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

25
Белгилер:
милиция, уюшкан кылмыштуу топ, кармоо, шектүү, Жайыл району
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады
Томографиядан бейтапты өткөргөн медиктер. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат

23
(жаңыланган 11:38 05.12.2020)
Бүгүнкү статистикада илдетти илештирип алгандардын саны ооруканадан айыгып чыккандарга караганда аз.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 401 адам коронавирус жуктуруп алса, дарыланып жаткан 425 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар төмөнкү аймакта:

  • Бишкек - 99;
  • Ош - 20;
  • Чүй облусу – 133;
  • Ош облусу - 22;
  • Талас облусу - 15;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу - 26.

Айыккандар:

  • Бишкек – 124;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 102;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 60;
  • Баткен облусу – 53.

Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оору илештирип алгандардын саны 74 774 болду. Анын 66 538и айыгып чыкты. 

23
Белгилер:
айыгуу, жуктуруу, оорукана, бейтап, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар