Наристесин кар үстүнө төрөгөн Калбү апа, 13 балага өмүр берген Куттия эне

Жазылуу
Биз бүгүн Кыргызстанда көп бала төрөп, аларды эрезеге жеткирген энелер тууралуу кеп кылмакчыбыз. Алардын бири — он үч баланы, экинчиси он бир баланы жарык дүйнөгө алып келип,тарбиялап өстүргөн. Бул атан-төөдөй болгон түйшүк…

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Биз кепке тарткан энелердин экөө тең Жалал-Абад облусунун Сузак районунан болуп чыкты. Бири 13 балалуу Куттия Назарова 70 жашта болсо, экинчиси 11 баланы бутуна тургузган Калбү байбиче 83 жаштын тамагын ичип отурган кези. 

© Фото / Тынчтык Сабыров13 балалуу Куттия Назарова
Мать-героиня Куттия Назарова - Sputnik Кыргызстан
13 балалуу Куттия Назарова

"Баатыр Эне" наамын кошкондо 6 миң сом пенсия алган апа

Сегиз кыз, беш уулдун энеси Куттия апа менен азыноолак гана сүйлөштүк. Инсультка кабылып төшөктө жаткан энени көп кыйнабайлы дедик. 

"Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто Азия айылында турам. Турмушка 17 жашымда чыккам. Мугалим болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккам. "Баатыр Эне" наамына кошумча берилген акча менен биригип, 6 миң сом пенсия алам.Абышкам да педогог болчу, "Эл агартуунун отличниги" наамы бар эле. Мындан төрт жыл мурун 79 жашында кайтыш болуп кетти. Учурда 31 жаштагы кичүү уулум Тынчтыктын колундамын. Улуу балам 50гө чыкты", — деди Куттия апа.

Биздин маектеш он үч баланын баарын окутуу ал кезде кыйын болгон менен үйдүн да, колхоздун да ишин аткарып жүргөндүгүн кошумчалады.

Куттия апанын Өзгөнгө турмушка чыккан кызы Жылдыз сөзгө аралашып, апасы ооругандан бери кыздары кезек менен карай тургандыктарын кошумчалады. 

"Шартыбызга жараша келип бирибиз 10 күн, бирибиз бир ай жүрүп кетебиз. Апам токтоо, жоош, сабырдуу. Азыр 46 небереси, үч чөбөрөсү бар. Апам неберелеринин аттарын алмаштырып алат (күлүп)",— деп айтып берди. 

© Фото / Айпери ТурдумаматоваОн бир баланын энеси Калбү апа
Мать-героиня Калбу Кушбакова - Sputnik Кыргызстан
Он бир баланын энеси Калбү апа

Калбү апа: карда калып, баламдын киндигин өзүм кескен

Он бир баланын энеси Калбү апа балдарды да төрөп, талаада да иштеп, кийин балдарынын баарын жогорку билимдүү кылганын айтып берди.

"Абышкам Турдумамат Кушбаков менен менен 43 жыл бирге өмүр сүрдүк. 77 жашында кайтыш болуп кетти. Беш уул, алты кыздуу болдук. Ал кезде азыркыдай өнүккөн медицина кайдан болсун. Бир баламды кардын үстүндө төрөп, өз киндигин өзүм кескем", — деп айтып берди Калбүбү апа.

Ал тамеки талаада иштеп, мектепте лаборант болуп эмгектенгенин, балдарды жолдошу экөө биргелешип тарбиялагандыгын кошумчалады.

20 жашында Нарын облусунун Кайыңды-Булак айылына келин болуп келген Галина Мальцева - Sputnik Кыргызстан
Сүйүүдөн улам 45 жыл мурун Архангельскиден Ак-Талаага келин болуп келген Галя эже
"Абышкам мугалим, анан мектепте көп жыл директор болгондуктан, иши көп эле. Ал элдин балдарын тарбиялады. Мен анын балдарын тарбияладым (күлүп). Кудайга шүгүр, балдарыбыз ишеничибизди актады, баары жогорку билимдүү. Азыр кээ бири Бишкекте, кээ бири Жалал-Абадда турушат. Мен эки шаардын ортосунда эле жүрөм. Бирок Бишкекте көпкө чыдабайм. Кышында жылуураак деп Жалал-Абадга, жайкысын салкын деп Кара-Март айылыма келем. 47 небере, 27 чөбөрөм бар", — деди биздин маектеш.

Калбү эненин тогузунчу уулу Автандил кезинде апасы бир эле эмес, үч кайнене менен жашаганын кеп кылды.

Мен аларды өз балдарымдай жакшы көргөм — Токтогон апа Ленинграддан келген балдар тууралуу
"Согуш убагында кайнатасынын эки бир тууганы согушка кетип, кайтпай калышкан экен. Өмүр өткөнчө ал чоң энелерибиз менен чогуу бир үйдө жашаптыр. Бири 97 жашында, экинчиси 83 жашында, өзүнүн кайненеси 80 жашында кайтыш болду. Апам беш убак намазын калтырбай окуйт. Негизи баскан-турганы тың эле. Көзү курч. Телефондун кнопкаларын өзү терет. Алдыбыз алтымыш жаштан ашсак деле ар бирибизге чалып, каяка кеттиң, качан келесиң деп көзөмөлдөп турат. Кыздары эки күндүн биринде келип турушат, кичине эле узакка созулуп кетсе таарынат. Адам картайган сайын эрке болуп калат экен", — деди 43 жаштагы уулу Автандил.

Жаңылыктар түрмөгү
0