Кыз. Архив

Илдетти иликтегенде: кыргызстандыктар көп тушукчу психикалык оорулар

1256
(жаңыланган 18:46 22.08.2016)
Sputnik Кыргызстан кабарчысы мекендештер оорунун кайсы түрлөрү менен баарынан көп жабыркай турганын аныктап көрдү.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Батышта эң кеңири тараган психикалык оорулардын түрү болуп социалдык фобиялар, ошондой эле депрессия эсептелет.

Республикалык психикалык ден соолук борборунун статистикалык бөлүмү берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда алты миллион калктын ичинен 70 миңден ашык адам психикалык дартка чалдыккан. Адистер күз жана жаз мезгилдеринде мындай оорулар курчуп кетет дешет.

Ушуга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова аталган борбордун дарыгери Жанна Караевадан республиканын тургундары кайсы психикалык оорулар менен баарынан көп жабыр тарта турганын билип көрдү. 

Маниакалдуу-депрессивдүү психоз 

Бул ар кандай мания жана депрессия түрүндө болуучу психикалык татаал дарт. МДП — төрөлгөндөн кийин пайда боло турган оору. Бейтаптын абалы кескин өзгөрүп, өйдө-төмөн көп урунат. Дарты курчуп турган кезде тиричилик жана кесиптик милдеттерин аткара албай калат. Депрессивдүү абалда түнт тартып, көп сүйлөбөй, өзүнө кол салган учурлар да болот. 

Маниакалдуу-депрессивдүү психозго аялдар эркектерге караганда 3-4 эсе көп чалдыгат. Психозду маанайды турукташтыра турган антидепрессанттардын жардамы менен дарылашат. 

Паранойя

Мындай психикалык дарт чындыкты туура эмес, бурмалап кабыл алуу менен мүнөздөлөт. Ага адам төрөлгөндөн кийин чалдыгат. Жин оорусунун бул түрүн мүнөздөй турган өзгөчөлүк – адамдын аң-сезиминде акылга сыйбаган бир идеялар бекем орун алып, аян катары кабылдана баштайт. Бейтап сын пикирди кабыл албайт. Ооруга депрессия, өзүн төмөн баалагандык же зомбулук себеп болушу мүмкүн. Паранойяга туш болгондордун көбү — аракечтер менен баңгилер. 

Паранойяны дарылоону кыйындата турган нерсе – бейтап тегерегиндегилердин баарына, анын ичинде дарыгерлерге да ишенбейт. Дары-дармек көп натыйжа бериши үчүн атайын бир схема боюнча пайдаланылат. 

Социалдык фобиялар

Бул психалык оорулар элдин көңүл борборунда болуудан коркуу, тегеректегилердин жаман көз карашына туш болом деген чочулоо менен мүнөздөлөт. Социалдык фобиялар көбүнчө жаш кезде жолугат да, бара-бара негизги ооруга депрессия жана дүрбөлөңгө түшүп алдастоо кошулат. 

Фобияларды дарылоодо адистерге барууну, ошондой эле антидепрессанттарды ичүүнү үзбөш керек. 

Шизофрения 

Бул адамды такыр акылынан ажыратып сала турган психикалык эң оор дарттардын бири. Буга чалдыккан адамдар жок нерселерди угуп-көрүшү мүмкүн. Адатта оору курчуп турган кезде көзүнө көп нерсе көрүнүп, угулган үндөр күчөйт. Бул — тукум кууй турган дарт. 

Мында дарыгерлер бир нече ыкманы пайдаланышат. Бейтап дарыны үзгүлтүксүз кабыл алып, дарыгер аны менен ээрчип алган же мээсине орноп алган элес-үндөр тууралуу маектешиши шарт. Шизофренияны толук дарылоо мүмкүн эмес. 

Наркологиялык жин оорулары

Бул дартка чалдыккандар адам кейпин жоготуп койгонго чейин, башкача айтканда депрессия жана түрдүү жаман ой-элестер ээрчиген абалга чейин жетет. Дарт тукум куушу мүмкүн. Илдеттин кесепети өзүнө да, айланасындагыларга да тийиши толук мүмкүн. 

Ооруну маектешүү, ошондой эле түрдүү дары-дармек менен дарылоого болот. 

1256
Белгилер:
дарт, психикалык абал, оору, Кыргызстан
Тема боюнча
Жыл башында Кыргызстан боюнча кант диабети менен ооруган 50 миң бейтап катталган
"Көлмө" жаңы конушунда токко урунган жаран ооруканага жаткырылды